Онколог рактын дарыны тоготпогон түрлөрүн атады

© AFP / LOIC VENANCEДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Адис саналып өткөн рактын түрлөрү айрым учурларда организмдин өзгөчөлүгүнө жараша жеңилирээк формада дагы болорун билдирд
 
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Химиотерапевт Андрей Базылев онкологиялык илдеттердин эң эле агрессивдүү түрлөрүн санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аларды атоодо дарыгер залалдуу шишиктин дары-дармекке баш ийбеген түрлөрүнө артыкчылык берген.
"Рактын айрым түрлөрү өзүнө каршы препараттарга өтө бат көнүшөт дагы, тоготпой калышат. Алардын катарына уйку бездин, өттүн, боордун рагы кирет", — деди Базылев.
Ошондой эле бул тизмеге онколог ашказан рагын дагы кошуп, бирок технологиялар өнүккөн сайын аны дарылоо жеңилдеп келе жатканын айтты.
Анткен менен адис жогоруда саналып өткөн рактын түрлөрү айрым учурларда организмдин өзгөчөлүгүнө жараша жеңилирээк формада дагы болорун билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0