Узатып, тосуп келгендер кирбейт. Кыргызстандагы үч аэропорт чектөө киргизди

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев"Манас" эл аралык аэропортундагы дезинфекциялык тоннель. Архив
Манас эл аралык аэропортундагы дезинфекциялык тоннель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Мындай чара эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында көрүлүп жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропорттору жүргүнчү тосуп алгандар менен узаткандарга чектөө койду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аба майдандардын имаратына көрсөтүлгөн күн боюнча учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат.
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады
Мындай чара эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында көрүлүп жатканы белгиленди.
Чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин улантылат.
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы жүргүнчүлөр менен кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Жаңылыктар түрмөгү
0