Австрияда согуш маалында кыргыздар туткундалган жерге эстелик коюлду. Видео

© Фото / Капар НамазалиевАвстрияда Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшкөн кыргыздарга эстелик коюлду
Австрияда Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшкөн кыргыздарга эстелик коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Элчинин айтымында, 35-40 миңдей совет жоокери Маутхаузендеги концлагерде туткунда болгон. Арасында кыргыздар дагы бар.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Австрияда эмгектенген мекендештер Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп концлагерде курман болгон кыргыздарга арнап Маутхаузен шаарына эстелик тактасын койду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга уюштуруучулардын бири Капар Намазалиев билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от РЕЦЕПТЫ на каждый день!😊 (@aidaiott)

Анын айтымында, эстелик мурдагы Маутхаузен концлагеринин дубалына орнотулган. Мындай эскерүү такталарын башка өлкөлөр мурда эле коюп кетишкен. Мындан улам Намазалиевдин демилгеси менен Австрияда иштеген дагы бир мекендеш Ильяс Өмүралиев экөө жүзөгө ашырган.
"Эстеликти Австрияда туткундалып курман болгон бардык кыргызстандыктарга арнап койдук. Бул өлкөдө жалпы 49 концлагерь болгон. Учурда расмий түрдө туткунда каза болгон беш кыргыздын аты-жөнү такталды. Бизге келген конокторго ушул жерди көрсөтчүмүн, бир гана Кыргызстандын эстелиги жоктугунан уялар элем. Акыры өзүбүзгө колго алып орното алдык", — деди Намазалиев.
Эстеликтин ачылышына Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов да катышкан.
© Фото / Капар НамазалиевАвстрияда эмгектенген мекендештер Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп концлагерде курман болгон кыргыздарга арнап Маутхаузен шаарына эстелик тактасын койду
Австрияда эмгектенген мекендештер Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп концлагерде курман болгон кыргыздарга арнап Маутхаузен шаарына эстелик тактасын койду - Sputnik Кыргызстан
1/4
Австрияда эмгектенген мекендештер Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп концлагерде курман болгон кыргыздарга арнап Маутхаузен шаарына эстелик тактасын койду
© Фото / Капар НамазалиевАнын айтымында, эстелик мурдагы Маутхаузен концлагеринин дубалына орнотулган
Анын айтымында, эстелик мурдагы Маутхаузен концлагеринин дубалына орнотулган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Анын айтымында, эстелик мурдагы Маутхаузен концлагеринин дубалына орнотулган
© Фото / Капар НамазалиевМындай эскерүү такталарын башка өлкөлөр мурда эле коюп кетишкен
Мындай эскерүү такталарын башка өлкөлөр мурда эле коюп кетишкен - Sputnik Кыргызстан
3/4
Мындай эскерүү такталарын башка өлкөлөр мурда эле коюп кетишкен
© Фото / Капар НамазалиевМындан улам Намазалиевдин демилгеси менен Австрияда иштеген дагы бир мекендеш Ильяс Өмүралиев экөө жүзөгө ашырган
Мындан улам Намазалиевдин демилгеси менен Австрияда иштеген дагы бир мекендеш Ильяс Өмүралиев экөө жүзөгө ашырган - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мындан улам Намазалиевдин демилгеси менен Австрияда иштеген дагы бир мекендеш Ильяс Өмүралиев экөө жүзөгө ашырган
1/4
Австрияда эмгектенген мекендештер Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп концлагерде курман болгон кыргыздарга арнап Маутхаузен шаарына эстелик тактасын койду
2/4
Анын айтымында, эстелик мурдагы Маутхаузен концлагеринин дубалына орнотулган
3/4
Мындай эскерүү такталарын башка өлкөлөр мурда эле коюп кетишкен
4/4
Мындан улам Намазалиевдин демилгеси менен Австрияда иштеген дагы бир мекендеш Ильяс Өмүралиев экөө жүзөгө ашырган
"35-40 миңдей совет жоокери ушул Маутхаузенде туткунда болгон. Арасында биздин кыргыз аталарыбыз, апаларыбыз да бар. Бул дагы тарых, келечек муун аны унутпасын деп уюштурганыңыздар үчүн чоң рахмат", — деди элчи.
Ошондой эле ал дүйнө эли тынчтыкта, ынтымакта жашашы үчүн жаш муун бул тарыхты унутпашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0