Жээнбековдун кудасы Абжалиев УКМКнын атайын эсебине 20 млн. сом которду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Алиярбек Абжалиев
Депутат Жогорку Кенеша Алиярбек Абжалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Депутат мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Буга чейин ал жыл башында эле Кыргызстандан чыгып кеткени боюнча маалыматтар тараган. Депутат учурда өлкө аймагында экени белгилүү болду.
БИШКЕК, 28 июн — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев УКМКнын атайын эсебине 20 миллион сом которду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, эл өкүлү Кыргызстандын аймагында болгону менен кармалган жок. Буга чейин ЖМКлар Абжалиев кылмыш иши козголгонго чейин эле өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан.
Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Шайлоого деп акча чогулткан. Сот Ирсалиевге козголгон иштин чоо-жайын айтты
Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болот. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.
УКМК Абжалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шек жаратып жатканын маалымдаган. Анын байлыгы расмий кирешесине дал келбей жатканы белгиленген. Эл өкүлүнүн 20 элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусунда пансионаты, Ысык-Көл менен Чүй облусунда жер тилкелери, Түркия менен БАЭде кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, депутат, мындан сырткары, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык байланыштарын колдонуп мамлекеттик башкарууга да активдүү катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0