COVID: эмделгендиги боюнча сертификатты эми үйдөн чыкпай туруп алса болот

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы эмделген тууралуу сертификат. Архив
Коронавируска каршы эмделген тууралуу сертификат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Электрондук сертификатта COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталып, документтин ээси тууралуу толук маалымат алуу үчүн QR-код камтылган.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Мындан ары кыргызстандыктар коронавируска каршы эмделгендиги тууралуу сертификатты үйдөн чыкпай туруп алса болот. Бул боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Вакцина алып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Вакцина алгандан кийин кимдер COVID менен ооруп калат. Адистердин түшүндүрмөсү
Электрондук сертификатта жарандын COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталып, ээси тууралуу толук маалымат алуу үчүн QR-код камтылган.
portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик порталды пайдалануу үчүн каттоодон өтүү керек. Ага Калкты тейлөө кызматынан акысыз берилчү электрондук кол тамга же 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картадагы маалыматтар талап кылынат.
Сертификатты кантип алса болот:
  • portal.tunduk.kg порталына кирип каттоодон өтүү;
  • порталдан "саламаттык сактоо" деген бөлүгүнө кирип " COVID-19га каршы эмделгендиги тууралуу сертификат берүүнү" тандоо зарыл;
  • "өтүнүч жиберүү" баскычын басасыз.
Документ автоматтык түрдө экранда пайда болот дагы, колдонуучу аны pdf форматтагы документ катары басып чыгарып алса болот.
Марипов жубайы экөө коронавируска каршы вакцина алды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Марипов жубайы экөө коронавируска каршы вакцина алды. Видео
Сертификатта көрсөтүлгөн QR-код аркылуу анын электрондук вариантын көрө алышат.
Ошондой эле "эмделгендердин тизмеси" боюнча маалыматтык системага жаңы модуль киргизилгени жатат. Ал алыста туруп документти ала албагандар үчүн пайдалуу. Тагыраагы, жаран өзүнө жакын жердеги саламаттык сактоо уюмуна басып барып, сертификат алып алса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0