Чүйдүн суу чарба жетекчилигине чара көрүлмөй болду. Жунушалиев канал кыдырды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБольшой Чуйский канал
Большой Чуйский канал  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине кемчиликтерди кетирген облустук суу чарба жетекчисине чара көрүү тапшырылган.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Чүй облусунун дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо боюнча абалды билүү максатында Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырып, суу постторунда суу лимиттен чыккан бир топ фактыларды аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жунушалиев адистер менен биргеликте Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырганда Панфилов, Жайыл жана Москва районунун тургундары менен жолуккан.
"Сапар учурунда айрым суу постторунда суу лимиттен чыгып кеткен көп фактылар аныкталды, бул суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өз милдетин тийиштүү аткарбай жаткандыгынын далили", — деп айтылган маалыматта.
Натыйжада, суу постторунда суунун бекитилген лимитин калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар кабыл алынган. Маалыматта мындан улам Чүй облусунун Панфилов районуна дейре суунун тийиштүү көлөмүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондугу жазылган.
Аталган факты боюнча айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине жогорудагы кемчиликтерди кетирген жетекчилерге чара көрүү тапшырылган. Министрге Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчисин кызмат ордунан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо, Чүй облусунун бардык райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларына ротация жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0