Карыз 3 млн. сомго жетти. "Түндүк электр" 6,8 миң абоненттин жарыгын өчүрөт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр подстанциясы. Архив
Электр подстанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Ишкананын расмий сайтындагы "Абоненттин балансы" деген бөлүмдөн ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшерсе болот.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы эртеңден баштап карызын төлөбөй жүргөн 6,8 миң абоненттин жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган абоненттердин карызы үч миллион сомду түзөт. Жарык "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен аралыктан өчүрүлөт.
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Дагы деле аз. Токтогулга чогулган суунун көлөмү 11 млрд. куб метрге жетти
Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат. Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" күнү-түнү иштеген 1209 колл-борборуна чалып тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА банк" төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары жана "Айыл банк", "ДосКредоБанк", "БТА банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0