Кофе ичип жаткан кыз. Архив

Диетолог жайында кофе ичүүнүн эрежесин айтты

207
Адистин айтымында, кофе организмден сууну көбүрөөк бөлүп чыгарган суусундук экенин эске алуу кажет. Ал эми жайында суу балансын сактоо маанилүү.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ысыкта кофе ичерден мурда ден соолукка кедергисин тийгизип албаш үчүн коопсуздук чараларын сактоо керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог, диетолог Асият Хачировага таянып РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, кофе сууну көбүрөөк бөлүп чыгарган суусундук экенин эске алуу кажет. Ал эми жайында суу балансын кармоо маанилүү.

"Кофе организмди тез кургатат. Ошол себептен бир чөйчөк кофе ичкенден кийин артынан сөзсүз бир стакан суу ичип коюу шарт", — деди Хачирова.

Кардиолог күнүнө канча чөйчөк кофе ичерин ар бир адам өзү чечерин белгилеген. Анын айтымында, адатта кофе ашыкча болуп баратса адам тынчсызданып баштайт. Бул учурда аталган суусундукту ичпей койгон жакшы.

Диетолог кофени эч убакта энергетик же жаңы сыгылган апельсин ширеси менен бир маалда ичпеш керек экенин эскерткен.

207
Белгилер:
кардиолог, кофе, эреже, диетолог, суу, баланс
Тема боюнча
Кардиолог ысыкта күнүнө канча суу ичүү керектигин айтты
Сыркоологон кыз. Архив

Сасык тумоолоп жатканда көздү кантип сактоо керек. Офтальмологдун сунушу

2
Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Суук тийгизип алганда же сасык тумоолоп жатканда гаджеттерди көп колдонбой, көздү эс алдырган туура. Ошондой эле нымдоочу каражаттарды тамчылатып туруу керектигин Sputnik радиосунун эфиринде офтальмолог, медицина илимдеринин доценти Ирина Лещенко билдирди.

Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

"Кишинин ооруп жатканы сыртынан билинбесе дагы айрымдар карап туруп эле "көзүң жаман", "көзүң анча эмес" деп анын кыйналып турганын билип коюшат эмеспи. Андыктан ооруп жатканда көздү кыйнап, гаджеттерди, өтө жарык нерселерди карабай койгон туура. Ошондой эле көздү нымдап турчу каражаттарды тамчылатуу зарыл", — деди Лещенко.

Ал эми ооруганда көздөрү кызарып кеткен адамдарга кан тамырларын бекемдөө үчүн дарылануу сунушталат. Анткени көз кыйналган учурда алсыз кан тамырлар жарылып кетет.

Сөзүнүн аягында дарыгер көзгө С витамини өтө пайдалуу экенин кошумчалады.

 

2
Белгилер:
сасык тумоо, көз, оору, витамин, дарыгер
Тема боюнча
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
D витаминди көп ичүүнүн кесепети кандай болорун эндокринолог айтып берди
Начар иммунитеттин алты белгиси. Буларды тоготпой коюуга болбойт
Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев. Архив

Аскар Акаев Армениянын экс-президенти Левон Тер-Петросян менен жолукту

70
(жаңыланган 05:15 24.09.2021)
Өлкө башчылары 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан. Ошондой эле экөөнү илимден саясатка келгени бириктирип турат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ереванда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян Facebook баракчасында билдирди.

Жолугушуу бейшемби күнү Тер-Петросяндын хан сарайында өткөн.

Акаев Ереванга Россия-Армения университетинин чакыруусу менен барган. Окуу жайдын жетекчилиги ага ардактуу доктор наамын ыйгарууну пландап жатканы айтылат. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчысы бир катар лекцияларды окумакчы.

Мусинян белгилегендей, Тер-Петросян менен Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан.

"Бөтөнчө экөө тең илимден саясатка келгени бири-бирине жакындатып турчу", — деген Мусинян.

Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүргөн. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.

Быйыл августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал Кумтөр боюнча болгон чындыкты айтып берерин билдирген.

70
Белгилер:
Кыргызстан, Армения, Аскар Акаев, жолугушуу
Тема боюнча
Акаев Кумтөр боюнча сурактан кийин бүгүн Москвага учуп кетти