Түндүк — Түштүк жолунун курулушу кайсы этапка жетти. Депутаттар текшерүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековТүндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулуш иштери. Архив
Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Эгер эки көпүрө күзгө чейин бүтүп калса, Тогуз-Торо районунун тургундары үчүн 5-6 сааттык жол кыскарат.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушун иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия учурдагы абал менен таанышып келди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Комиссиянын мүчөлөрү адегенде Жалал-Абаддан Көк-Арт ашуусуна чейинки жолдун жана туннелдин курулуш иштерин көрүшкөн.
"Жалал-Абад шаарынан Көк-Арт ашуусуна чейинки жол дээрлик курулуп бүтүп калган. Асфальт төшөлүп, тиешелүү жерлерине көпүрөлөр курулуп, жол белгилери коюлган. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Кайынбаевдин айтканына караганда, туннелдин эки тарабына долбоордон тышкары үч асма көпүрө, эки галерея куруу зарылдыгы келип чыккан. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, анын болжолдуу наркы 21 миллион доллар турат", — деп айтылат маалыматта.
Көк-Арттагы туннель план боюнча 2018-жылы эле курулуп бүтмөк. Кечиккенинин бир себеби — пандемия, экинчиден, туннелге чейин мурда жолдун болбогондугу, үчүнчүдөн, тоо-тектеринин борпоңдугу болууда деп түшүндүргөн.
Туннелдин узундугу 3800 метр, учурда анын 2800 метри казылып бүткөн. Толугу менен бүткөрүүгө дагы бир жылдан ашык убакыт талап кылынат.
Строительство альтернативной автодороги Север-Юг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2017
850 миллион долларга бааланган Түндүк — Түштүк жолу. Жеринен тартылган сүрөттөр
"Комиссия Тогуз-Тородогу асма көпүрөлөрдүн курулушу менен таанышты. Узундугу 300 метрлик көпүрө бүтүп, жээктери бекемделип жатат. Туннелге караганда асма көпүрө куруу арзанга туруп, 7 миллион доллар үнөмдөлгөн. Экинчи асма көпүрөнүн узундугу 1076 метр. Аны да ноябрь айларына чейин пайдаланууга берүү аракети көрүлүүдө. Эгер аталган көпүрөлөр бүтсө тогуз-торолуктар жаңы жол менен каттап, мурда 10-12 сааттан жол жүрсө, кийин 5-6 саатта Бишкекке жетип калышат", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар Казармандан Арал айылына чейинки жол тилкесине асфальт төшөлүп бүтүп калганы белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0