Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

12-июлдан тарта айдоочулук күбөлүк алуу боюнча эреже өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочу күбөлүгү. Архив
Айдоочу күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Азыр эгерде курсант автомектепти аяктагандан кийин экзаменди үч ирет тапшыра албай калса, кайрадан окууга жөнөтүлөт. Эки жумадан кийин бул талап такыр башкача болуп өзгөрмөкчү. 
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. 12-июлдан тарта Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн теориялык жана практикалык экзамендерден кулап калгандарга автомектептен окубай эле кайра тапшыра берүүгө мүмкүндүк берген токтом күчүнө кирет. Бул туурасында министрлер кабинетинин документи даяр экендигин "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев айтты. 
© Sputnik / Жоомарт Ураимов "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев
Заместитель директора государственного учреждения Унаа Бакытбек Шералиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүп жатат, бул абалды кантип өзгөртүш керек" деп аталган брифингге катышкан. 
"Мурда кыргызстандыктарга үч мүмкүнчүлүк берилсе, ал эми азыркы 17-июндагы № 31 токтомдун негизинде (12-июлда күчүнө кирет) айдоочулук күбөлүктү алам дегендерге экзамен тапшыруунун саны чектелбейт. Башкача айтканда, эгерде кыргызстандык автомектепти бүтүп, жеке карточкасын алгандан кийин экзаменди үч ирет тапшырып, үчөөндө тең өтпөй калса, аны кайрадан окуганга жөнөтүшчү. Ал эми бул токтом күчүнө киргенден тарта киши канча ирет тапшырса да чектөө болбойт", — деди ал. 
Шералиевдин айтымында, мындай тажрыйба кошуна жана Европа өлкөлөрүнөн алынды.
Аял жолдон отүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жолдун туура жеринен өткүлө! Эки күндө 140 жөө кишиге айып салынды
"Бул чечимди кабыл алуунун алдында чет мамлекеттердин тажрыйбасы каралды. Ар бир курсант өзүнүн билимин жогорулатышы керек, кайсы жерден ката кетиргендигин билиши зарыл. Муну менен катар эле кыргызстандыктардын кайрадан окуп кошумча чыгым болбошу да эске алынды", — деп белгилеген "Унаа" жетекчисинин орун басары.
Айтмакчы, Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгүн алам деп экзамен тапшырып, ийгиликтүү өтүп кеткендердин көрсөткүчү эки эсеге азайып кеткен. 
Эске салсак, адам өмүрүн алган автокырсыктары көбөйүп кеткендиктен президент Садыр Жапаров ИИМге жол кырсыктардын алдын алып, эскертүү боюнча комплекстүү иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырган. Кийинчерээк мас болуп руль башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканы белгилүү болду. 
Жаңылыктар түрмөгү
0