Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Автокырсык болгон жерден качкандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталды

© Фото / Pixabay/ PexelsКиши автоунааны айдап бара жаткан учурда. Архивдик сүрөт
Киши автоунааны айдап бара жаткан учурда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
ЖКККББнын өкүлүнүн айтымында, азыркы кодексте жол кырсыгы болгон жерди таштап кеткендерге жоопкерчилик каралган эмес, башка берене менен ашып кетсе миң сом айып пул төлөйт.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жол кырсыгы болгон жерден кетип калгандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрыйбасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.
Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн “Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүп жатат, бул абалды кантип өзгөртүш керек”  деп аталган брифингде айткан. Анын билдиргенине караганда, учурда укук бузуулар жөнүндө кодекс иштелип жатат, жакында долбоору Жогорку Кеңеште каралат. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрыйбасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев
Замначальника УПСМ и правоприменительной практики ГУОБДД МВД Манас Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрыйбасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев
"Эреже бузуулар кодексинде көп кемчиликтер болгон, биз тараптан мыйзамды жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган. Маселен, азыркы кодексте жол кырсыгы болгон жерден кетип калгандарга жоопкерчилик каралган эмес, тагыраагы, айдоочу окуяга себепкер болсо да кетип калчу. Мындай учурда ага "Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу" беренеси боюнча 1 000 сом гана айып салынат. Каргаша болгон жерден атайылап кетип калгандарды айдоочулук күбөлүгүнөн 3-4 жылга чейин ажыратууну сунуштап жатабыз", — деди Сыдыгалиев.
Ал Кыргызстанда жол кырсыктарынын көбөйгөнүн кошумчалады. Ушул жылдын беш айында эле 2 767 жол кырсыгы катталып, жалпы 233 адам көз жумган. Ошондой эле төрт миңден ашуун киши жаракат алган.
Өлкөдө автокырсыктардын көптүгүнөн президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0