Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Аялдар жолдо тартиптүүрөөк. ЖКККББнын айдоочуларга берген баасы

© Фото / Pixabay/ freestocks-photosКыз автоунаа айдап бара жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт
Кыз автоунаа айдап бара жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Сыдыгалиев жол эрежесин көбүнчө эркектер, ал эми жаш курагы боюнча 18 жаштан 30 жашка чейинкилер бузарына токтолгон.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жол эрежесин көбүнчө эркектер бузат, аялдар жолдо тартиптүүрөөк. Бул тууралуу ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыгы көп катталууда. Аны кантип өзгөртсө болот?" аттуу тегерек столдо айтты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев
Замначальника УПСМ и правоприменительной практики ГУОБДД МВД Манас Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев
"Жол эрежесин бузган адамды аял же эркек деп жынысына карап бөлгүң келбейт. Бирок жол эрежесин бузгандардын көбү эркектер, аялдар бул жаатта бир аз да тартиптүү экенин айтып кетүү кажет", — деди Сыдыгалиев.
Ал эми жол эрежесин бузгандардын жаш курагын карай келгенде, эрежени 18 жаштан 30 жашка чейинкилер көп эске албай турганы белгиленди.
Буга чейин Сыдыгалиев тегерек столдо жыл башынан бери канча жол кырсыгы катталганын жана ал канча адамдын өмүрүн алгандыгы тууралуу статистиканы айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0