Кыргызстанга жеткирилчү Sinopharm боюнча Кытай элчилиги билдирүү жасады

© AP Photo / Juan KaritaSinopharm вакцинасы. Архив
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Элчилик Кытай өкмөтү тарабынан бөлүнгөн дарылар Кыргызстанга тезирээк жетсе деген ниетте экенин билдирет.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кытайдын элчилиги КЭР өкмөтү тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн коронавируска каршы акысыз вакцинанын жеткирилиши тууралуу комментарий жасады.
Бүгүн, 29-июнда, өлкөнүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кытайдын Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга июль айынын ортосунда алып келинерин билдирди.
Маалыматка ылайык, 150 миң дозаны алып келүү боюнча бардык сүйлөшүүлөр графикке ылайык жүргүзүлүп, бардык маселе чечилген.
Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев препараттар өткөн аптанын аягында чартердик каттам менен Кыргызстанга жеткирилерин айткан эле.
"150 миң доза вакцинаны жиберүү 20-июнда эле даярдалган, азыркыга чейин Пекиндин аэропортунда ЮНИСЕФтин учагын күтүп турат. Келишимде дарыларды жеткирүү милдетин Кыргызстан алган. Кыргыз тараптын билдиришинче, өкмөт менен ЮНИСЕФ уюмунун ортосунда вакциналарды Кытайдан Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүү уланып жатат. Бирок бүгүнкү күндө Кытай тарапка учак тууралуу так маалымат бериле элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
ДССУ башчысы жаңы пандемияларга даярданууга чакырды
Элчилик Кытай ынак кошуналык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамиленин алкагында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кыргыз тарапка колдоо жана жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин билдирет. Элчилик сөз болуп жаткан препараттар Кыргызстанга тезирээк жеткирилсе деген ниетин кошумчалады.
Эске салсак, март айында Кыргызстанга гуманитардык жардам катары Sinopharm вакцинасынын алгачкы партиясы (150 миң доза) алып келинген. Май айынын орто ченинде Кытай дагы 150 миң доза дарыны акысыз берери маалым болгон. Буга чейин министр кыргыз тарап берилген экинчи партиядагы дарыларды алып келүү үчүн каражат издеп жатканын айтып, кийинчерээк маселе чечилгенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0