Ракиевдин ордуна Бишкек шаарына Самидин Атабаев казы болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ДУМКБишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп дайындалган Самидин Атабаев
Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп дайындалган Самидин Атабаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Атабаев буга чейин Ош облусунун казысы болуп эмгектенип келген. Аны муфтийликке жакында эле келген Ракиев мурдагы кызматына дайындады.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койду.
© Фото / пресс-служба ДУМКБишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды
Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды
© Фото / пресс-служба ДУМКТиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койду.
Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койду. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койду.
1/2
Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды
2/2
Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койду.
Муфтий казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин белгилеп, жаңы жетекчиге ийгилик каалаган.
Бишкектин казысы буга чейин Ракиев болчу. Ал муфтий болуп өткөн ишембиде Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайында шайланды.
Аалымдар кеңешинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Абдишүкүр Нарматов да бар. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси чыкты
Самидин Атабаев буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген. Ал 1973-жылдын 27-декабрында Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.
Диний жана светтик жогорку билимге ээ. Тагыраагы, Кыргызстан Ислам институтун, андан кийин Россия Ислам университетин ийгиликтүү аяктап, Ош мамлекеттик юридикалык институтунан юриспруденция адистигине ээ болгон. 1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.
Россияда жана Татарстанда куран жарышы боюнча өткөрүлгөн сынактарда биринчи орундарды камсыздаган. Мындан сырткары, волейболго кызыгат.
Орус, түрк, өзбек жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки уул жана үч кыздын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0