Жаңы тариф киргизүүнү токтото туралы. Депутаттардын сунушу

© AFP / CHRIS DELMASЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Аткаруу бийлигинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган. Депутаттар бул боюнча сунуш, пикирлерин айтышты.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттар тобу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго электр кубаты менен жылуулукка жаңы тарифтерди киргизүүнү токтото турууну сунуштап кат жөнөттү. Бул туурасында эл өкүлү Дастан Бекешев билдирди.
Депутат социалдык тармакка каттын көчүрүлгөн версиясын жарыялады. Анда депутаттар өлкөнүн электр энергия системасынын абалын көрүп тургандыгын айтып, бирок тарифтерди көтөрүү социалдык жарылууга жана ири компаниялардын жабылышына алып келет деп эскертишкен.
Андан сырткары, бийликтин бул кадамы инфляциянын өсүшү, жакырчылыктын көбөйүшү, инвестициянын сыртка чыгып кетиши жана өлкөдөгү коронавирус боюнча абалдын начарлашы сыяктуу терс көрүнүштөр менен катарлаш туруп калып жатат дешкен.
Электросчетчик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жаңы тариф боюнча электр кубатына канча төлөрүңүздү билип алыңыз. Калькулятор
Депутаттар министрлер кабинетине бул учурларды эске салып, тарифтерди көтөрүүнү жок дегенде үч айга жылдырып турууну сунуш кылган. Андан сырткары, коомдук жалпы талкуу кылып, майнинг-фермалардын статусун карап көрүүнү да кошумчалашкан.
Катка депутатар: Дастан Бекешев, Улан Примов, Айбек Алтынбеков, Мурадыл Мадеминов, Бакыт Жетигенов, Анвар Артыков, Мухтар Айнакулов, Гүлкан Молдобекова, Асел Кодуранова жана Чынара Урумкалиева кол койгон.
Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору өзүнүн сайтына коюлган.
Калк үчүн төмөнкү тарифтер сунушталууда:
  • бийик тоолуу аймакта жана татаал шарттагы жерлерде жашагандар үчүн 700 киловатт сааттык (кышында 1000 киловатт саат) лимитти алып коюу жана бирдиктүү 1,09 сомдук тарифти киргизүү;
  • ал эми калгандар үчүн электр кубатын колдонуу нормасын (күз-кышта 1000 кВт-саатка чейин көбөйүшүн эсепке албаганда ) алып салуу. Мында тариф бир киловатт саатка 1,09 сомду түзөт;
  • күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт сааттан ашып кетсе 2,52 сом болмокчу.
Эске салсак, учурда элдин бардык категориясы бир киловатт-саат электр кубаты үчүн 77 тыйын төлөйт, лимиттен ( 700 кВт-саат) ашып кетсе, баа 2,16 сом болуп кетет. Ал эми катаал шартта, тоолуу аймактагылар үчүн 1 000 киловатт-саат каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0