Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Жогорку Кеңеште 13 кишиден COVID чыгып, төрага Мамытов ооруканага түштү

358
(жаңыланган 23:20 29.06.2021)
Оорулуулар менен байланышта болгон 36 кызматкер ооруну алдын алуу жана жайылтпоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, кечээ, 28-июндан тарта ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткыруу үчүн орун даярдоо тууралуу сүйлөшүү учурунда
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития
Ага ылайык, учурда төраганын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Учурда Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде, анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында коронавирус илдети аныкталганы айтылды.

Алар менен байланышта болгон 36 кызматкер ооруну алдын алуу жана жайылтпоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.

358
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Талант Мамытов, төрага, коронавирус, кызматкер
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)
Тема боюнча
Министрлик: өлкөдөгү медиктер милдеттүү түрдө эмделмей болду
Экономист "дельта" штаммы кайсы өлкөлөр үчүн кооптуу экенин айтты
Алмурут. Архив

Кишини ток кармайт, оорулардын алдын алат. Адис алмуруттун пайдасын тизмектеди

2
Адистин айтымында, анча чоң эмес алмурутта эле алты граммга жакын клетчатка бар. Бул адамды көпкө чейин ток кармайт жана ашыкча тамак жегенге мүмкүнчүлүк бербейт.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Америкалык диетолог Эми Гудсон алмурут ден соолукка абдан керектүү азык экенин айтып, пайдалуу жактарын санап берди. Анын макаласы Eat This, Not That! порталына жарыяланганын "Известия" жазды.

Гудсондун айтымында, көпчүлүк алмуруттун ордуна алма, ашкабак жейт.

Диетолог алмурут, биринчиден, клетчаткага бай экенин айтты. Ал адамды көпкө чейин ток кармайт жана ашыкча тамак жеп алганга мүмкүнчүлүк бербейт.

Ал белгилегендей, анча чоң эмес алмуруттан эле алты граммга жакын клетчатка чыгат жана анын эриген жана эрибеген эки түрү бар. Ар бири өзүнчө пайдалуу. Биринчиси канда кант менен холестериндин нормасын кармап турат, ошондой эле ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Экинчиси организмди уулуу заттардан тазалайт, мындан сырткары, кант диабетинин экинчи тиби сыяктуу оорулардын өөрчүү тобокелдигин азайтат.

Мындан сырткары, алмурут антиоксидантга бай, сезгенүүлөргө каршы жакшы натыйжага ээ, кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, кан басымды жөнгө салат жана кандын уюшун алдын алат.

2
Белгилер:
диетолог, алмурут, клетчатка, организм
Тема боюнча
Диетолог ачкарын эмнелерди жеп-ичкенге болбой турганын айтты
Дарыгер ичеги рагына себепкер боло турган азыкты атады
Сыркоологон кыз. Архив

Сасык тумоолоп жатканда көздү кантип сактоо керек. Офтальмологдун сунушу

5
Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Суук тийгизип алганда же сасык тумоолоп жатканда гаджеттерди көп колдонбой, көздү эс алдырган туура. Ошондой эле нымдоочу каражаттарды тамчылатып туруу керектигин Sputnik радиосунун эфиринде офтальмолог, медицина илимдеринин доценти Ирина Лещенко билдирди.

Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

"Кишинин ооруп жатканы сыртынан билинбесе дагы айрымдар карап туруп эле "көзүң жаман", "көзүң анча эмес" деп анын кыйналып турганын билип коюшат эмеспи. Андыктан ооруп жатканда көздү кыйнап, гаджеттерди, өтө жарык нерселерди карабай койгон туура. Ошондой эле көздү нымдап турчу каражаттарды тамчылатуу зарыл", — деди Лещенко.

Ал эми ооруганда көздөрү кызарып кеткен адамдарга кан тамырларын бекемдөө үчүн дарылануу сунушталат. Анткени көз кыйналган учурда алсыз кан тамырлар жарылып кетет.

Сөзүнүн аягында дарыгер көзгө С витамини өтө пайдалуу экенин кошумчалады.

 

5
Белгилер:
сасык тумоо, көз, оору, витамин, дарыгер
Тема боюнча
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
D витаминди көп ичүүнүн кесепети кандай болорун эндокринолог айтып берди
Начар иммунитеттин алты белгиси. Буларды тоготпой коюуга болбойт