Медициналык кызматкер COVID-19га тестирлөө учурунда

Бир суткада 2000ге жакын адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап каза тапты

385
(жаңыланган 12:29 30.06.2021)
Кечээтен бери 1 965 кишиден коронавирус табылса, анын ичинен 1 490 учур Бишкек шаарында катталган. Бир суткада Баткенде үч бейтап акка моюн сунду.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 1 965 адамдан табылып, 571 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 1 490;
  • Ош – 45;
  • Чүй облусу – 111;
  • Ош облусу – 94;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 16;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 93;
  • Баткен облусу – 73.

Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 125 003кө жетти. Анын ичинен 110 082 бейтап дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек – 256;
  • Ош – 74;
  • Чүй облусу – 68;
  • Ош облусу – 63;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 56;
  • Баткен облусу – 34.

Коронавирус бир сутка ичинде сегиз адамдын өмүрүн алган.

Каза болгондор:

  • Бишкек — 2;
  • Ош — 1;
  • Баткен — 3;
  • Ысык-Көл — 2.

Муну менен жалпысынан 2 000 киши коронавирустун курмандыгы болду. Кечээтен бери 39 медиктен коронавирус чыкканы аныкталган. Учурда стационарларда 3 389 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 962 адамдын абалы оор болсо, 158 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

385
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика, оору, бейтап
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1714)
Тема боюнча
Вакцинаны жарым жылда бир сайдырып туруу керектиги айтылды
Жогорку Кеңеште 13 кишиден COVID чыгып, төрага Мамытов ооруканага түштү

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

32
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

32
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов

Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

92
(жаңыланган 21:55 02.08.2021)
Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, бүгүн Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

92
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашов, кызмат, мэрия, уул, бошотуу
Тема боюнча
Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду