Ак үй алдындагы тынчтык митинги

"Мен фейк эмесмин". Ак үй алдында тынчтык митинги өттү. Сүрөт, видео

90
(жаңыланган 11:26 30.06.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, анда жарандык коом өкүлдөрү менен активисттер сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулушкан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ордо калаада Ак үйдүн алдында "Мен фейк эмесмин" аттуу тынчтык митинги өттү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, анда жарандык коом өкүлдөрү менен активисттер сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулушкан. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.

Тынчтык митингине 50дөн ашык адам катышып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору жакында эле кайрадан парламенттин кароосуна коюлуп, документ ЖКнын тиешелүү комитети тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, бул мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган. Ал буга чейин "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" долбоору деп аталчу.

  • Мирный митинг за свободу слова и против законопроекта О защите от ложной и недостоверной информации возле здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
    Ордо калаада Ак үйдүн алдында "Мен фейк эмесмин" аттуу тынчтык митинги өтүп жатат
    © Sputnik / Сталбек Абижалил уулу
  • Мирный митинг за свободу слова и против законопроекта О защите от ложной и недостоверной информации возле здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
    Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, анда жарандык коом өкүлдөрү менен активисттер сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулушкан
    © Sputnik / Сталбек Абижалил уулу
1 / 2
© Sputnik / Сталбек Абижалил уулу
Ордо калаада Ак үйдүн алдында "Мен фейк эмесмин" аттуу тынчтык митинги өтүп жатат

Бирок документ коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.

Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.

Демилгечилердин айтымында, анда фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Учурда чогулгандар тарап кетти.

90
Белгилер:
видео, сүрөт, митинг, Ак үй, Бишкек
Тема боюнча
Чуу түшүргөн мыйзам долбоорлорунун автору Гүлшат Асылбаева тууралуу 6 факты

Кудум кинодогудай! Кытайдагы шаарды кум каптаган видео

138
Асмандын дээрлик жартысын ээлегендей элес калтырган кум бороон Кытайдын Ганьсу провинциясы менен Цзюцюань шаарын бир нече мүнөттөрдө эле аралап кеткен.

Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун видеого тартып, социалдык тармакка таратып жиберген. Кадрдагы көрүнүш киши коркутпай койбойт.

Асмандын бетин бербей уюлгуган кум менен чаң шаарды тез эле басып калган. Маалыматтарда анын 10 мүнөт ичинде калаанын бир топ аймагын каптаганы айтылат.

Синьхуа агенттиги жол кыймылы буулуп, бир нече метрден кийин жол көрүнбөй калганын жазды.

Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес. Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан.

138
Белгилер:
кыймыл, кино, бороон, кум, Кытай
Тема боюнча
Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео
Шайлоо участогундагы киши. Архив

Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңиши жокко чыгарылды

201
(жаңыланган 21:56 26.07.2021)
БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталганын билдирди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

201
Белгилер:
шаардык кеңеш, жыйынтык, четтетүү, шайлоо, саясый партия
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду