Вице-мэр Бишкекте бир суткада 1 490 кишиден COVID табылган себебин түшүндүрдү

© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек ШамбетовЗаседание в мэрии по эпидемиологической обстановке в Бишкеке
Заседание в мэрии по эпидемиологической обстановке в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Акыркы суткада өлкө боюнча 1 965 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинен 1 490у шаарда экени белгилүү болду. Бул COVID пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева эмне себептен өткөн суткада 1 490 кишиден коронавирус табылганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, лабораторияларда бир нече күндөн бери күмөн санаткан анализдер кармалып турган.
"Алардын бардыгы чогултулуп, бир күндүн статистикасына чыгып калды", — деди ал.
Вице-мэрдин айтымында, абал чындап эле оор, бирок ооруканаларда бейтаптар үчүн орун жетиштүү. Жарандарга 118 кызматы консультация берип, 34 мобилдик бригада иштеп жатат.
Эске салсак, акыркы суткада өлкө боюнча 1 965 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинен 1 490у Бишкек шаарында экени белгилүү болду. Бул COVID пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.
Жаңылыктар түрмөгү
0