Сөз эркиндигин коргоо боюнча митингге чыккандар тарады

© Sputnik / Сталбек Абижалил уулу"Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы чыккандардын митинги
Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзам долбооруна каршы чыккандардын митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 50дөн ашык адам сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулушкан. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы болууда.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы чыккандардын митинги аяктады.
Тарар алдында алар журналисттерге дагы бир ирет өз позициясын түшүндүрүп, парламент дайыма каникулга чыгар алдында ушул сыяктуу мыйзамдарды тезинен кабыл алып коёрун айтышты.
Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 50дөн ашык адам сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулган. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришкен.
Депутат Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2020
Чуу түшүргөн мыйзам долбоорлорунун автору Гүлшат Асылбаева тууралуу 6 факты
Эске салсак, бул мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган. Ал буга чейин "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" долбоору деп аталчу.
Бирок документ коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0