Күндүзгү стационарда бейтапты кабыл алып жаткан дарыгер. Архив

Бишкекте күндүзгү стационарлар эмнеге ачылбай жатат. Мэриянын жообу

125
(жаңыланган 15:06 30.06.2021)
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, калаадагы ооруканаларда COVID-19га чалдыккандар үчүн орун аз.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөнүнө карабай, эмне себептен күндүзгү стационарлар ачылбай жатканын түшүндүрүп берди.

Редакцияга окурмандардын бири кайрылып, учурда ооруканалардан орун жетпей жаткандыктан, коронавируска чалдыккандардын көбү үйдө дарыланып жатканын билдирген.

"Коронавируска кабылгандар бейтапканаларга барганда, эч ким аларга гепарин уколун сайып же капельница коюп бербейт. Үйдөн дарыланып, дарыгер чакырткыла дейт. Ага акча төлөшүбүз керек да", — деди жаран.

Мозгачеванын айтымында, күндүзгү стационарларды ачуу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын буйругу керек.

"Воронцовка айылындагы ооруканада 200 орун бар. Жарандар ал жакка кайрылса болот. Кийин жакшы болуп кеткендер үйлөрүнө чыгарылып, ооруканаларда дагы орун бошойт. Ошондой эле кошумча керебеттерди коюу маселеси каралат", — деди вице-мэр.

Анын айтымында, коронавирусту дарылоо боюнча акыркы протоколго ылайык, оорунун жеңил формасына кабылгандарга капельница эмес, таблеткалар жазылып, суусундукту көп ичүү сунушталат. Ошондой эле мындай бейтаптар үйүндө дарыланса болору айтылат.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева
© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек Шамбетов
"Ооруканага абалы оорлор кайрылат. Учурда пневмония болгондордун саны аз. Андыктан кислород концентраторлоруна дагы салыштырмалуу суроо-талап төмөн. Былтыр күндүзгү стационарларга кишилер келип, капельница алып, кайра кетип жатышкан. Азыр алар оорукана көйгөйүн чече алышпайт. Үй-бүлөлүк медицина борборлору өз милдеттерин аткарууда. Каалагандар кайрылса болот", — деди Мозгачева.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, калаадагы ооруканаларда COVID-19га чалдыккандар үчүн орун аз калганы айтылат.

125
Белгилер:
Бишкек, Бишкек мэриясы, оорукана, орун, Виктория Мозгачева
Тема боюнча
Бош орун аз. Бишкекте коронавирус жугузгандар кайда кайрылат
Депутаттар Коронавируска каршы күрөшүү штабын парламентке чакырды
Айаал Лазарев америкалык Гэйбл Стивенсон менен беттеште

Айаал Лазарев Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашат

9
(жаңыланган 17:34 05.08.2021)
Кыргызстандык балбан баштапкы этапта АКШлык Гэйбл Стивенсон менен кармашып, америкалыкка таза техникалык артыкчылык менен утулган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн таймашат.

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта уткан америкалык Гэйбл Стивенсонго жеңилген.

АКШлык спортчу финалга чыгып, Лазарев көңүл жубатуучу таймашка чыгууга укук алды.

Эң оор салмакта (125 килограмм) ат салышып жаткан Айаал Лазарев эми Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын чемпиону, түркиялык Таха Акгүл менен кармашат. Эгер аны утса, коло байге үчүн монголиялык Лхагвагерель Мунхтур менен коло байге талашат.

Көңүл жубатуучу кармаштар эртең, 6-августта, саат 08:00дө, ал эми коло байге үчүн таймаштар саат 17:00дө болот

9
Белгилер:
Айаал Лазарев, Олимпиада-2020, эркин күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиада: эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев индиялык спортчу менен кармашат
Австралиялык спортчу кыз Токио Олимпиадасынан 7 медаль утуп алды. Сүрөт
Эркек адам. Архив

Өзү 50 жашта. Жапжаш көрүнгөн Британия тургуну сыры менен бөлүштү

209
Жигиттей көрүнгөн киши жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Ошондой эле ал эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын 25теги жигиттей көрүнгөн 50 жаштагы тургуну Тристан Ли жаштык сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Ли 35 жылдан бери терисине жакшылап кам көрө турганын айтып, ошол себептен жаш көрүнөрүн белгилеген. Тристан туура тамактанып, терини жумшартуучу жана күндөн сактаган кремдердин сапаттуусун колдонорун да кошумчалаган.

"Териге кам көрүүдө табигый каражаттарды колдоном жана буга көп деле каражат жумшабайм. Жыты жок каражаттарды табууга аракет кылам. Анткени өтө жыттуулар терини дүүлүктүрүп жибериши ыктымал", — деди ал.

Мындан сырткары, ал күндө жарым сааттык сейилдөөгө чыгып, жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

"Мен абдан жаш көрүнгөндүктөн улгайып калган адамдар кантип баарлашууну билбей, ыңгайсыз боло беришет. Ошол эле учурда канчада экенимди билген жаштар да кыйналат. Ошол себептен баары жакшы эмес", — деген Ли.

Ли сырткы келбетинен улам айрымдар аны алдамчы деп ойлой турганын кошумчалаган.

209
Белгилер:
Улуу Британия, жаштык, жигит
Тема боюнча
Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү