Ош облусунун казысы болуп Сайдамир Жейналиев дайындалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ДУМКОш облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев
Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Жейналиев 2012-жылдан бери Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келген. Ал Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ош облусунун мусулмандар казысы болуп Сайдамир ажы Жейналиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койгон.
Жаңы дайындалган облус казысын муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалаган.
Эске сала кетсек, Ош облусунун буга чейинки казысы Самидин Атабаев кечээ Бишкекке казы болуп келди. Шаардагы бул кызматты азыр муфтий болгон Замир Ракиев аркалап жаткан.
Аалымдар кеңешинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Абдишүкүр Нарматов да бар. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси чыкты
Ал эми Сайдамир Жейналиев 2012-жылдан бери Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келген.
1964-жылы 2-январда Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн. Кыргызстан Ислам университетин "Араб тили жана шариат" адистигин артыкчылык менен бүтүргөнү айтылды.
Америкадагы мусулмандардын дин тутуу эркиндиги менен жакындан таанышуу максатында түзүлгөн "Эл аралык байкоочулар" (IOP) программасынын негизинде АКШнын бир канча шаарларында өткөрүлгөн илимий семинарларга катышып, тажрыйба алмашып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0