COVID-19: Бишкекте санитардык эрежени бузган айдоочуларга акчалай айып салынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаршруткага отуруп жаткан адамдар. Архив
Маршруткага отуруп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Беш айда эреже бузган автобус, троллейбус жана маршруттук унаалардын айдоочуларына 59 протокол толтурулуп, 59 миң сомдук айып салынган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ушул жылдын февраль айынан бери Бишкек шаарында санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Беш ай аралыгында эреже бузган автобус, троллейбус жана маршруттук унаалардын айдоочуларына Бузуулар кодексинин 150-беренеси боюнча 59 протокол толтурулуп, 59 миң сомдук айып салынган.
Кайгуул милициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттиги менен биргеликте Бузуулар кодекси боюнча 123 протокол толтуруп, 282 500 сомдук айып салышты.
Бишкек шаарынын эпидемиологиялык абалы боюнча мэриянын жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
COVID-19га каршы чабал иштеген жетекчилер сөгүш алды
Рейд ушул жылдын февраль айынан бери жүрүүдө. Ага шаардын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү, Кайгуул милициясынын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын кызматкерлери кирди.
Мэриянын санитардик көзөмөл борбору өткөн жылы автобус, троллейбус жана маршруткалардын айдоочуларына кодекстин №150 беренеси менен 254 протокол толтуруп, 266 миң сомдук айып салган. Мындан сырткары, төрт транспорттук компаниянын жетекчилерине кодекстин 293-беренеси боюнча протокол толтурулган.
Шаар бийлиги элге кайрылып, баш калаада транспортко байланышкан көйгөй болсо 0312 53 36 48, 0707 03 15 71 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөт.
Мэрия борбордо өзү илдетке чалдыгып, бирок оорунун белгилери билинбей башкаларга жугузуп жүргөн жарандар көп экенин эскертүүдө. Ошондуктан жарандарды бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептикти колдонуу сыяктуу санитардык нормаларды так сактоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0