Эл тажады. Министрлик COVID-19дун көбөйүшүнүн себептерин санап берди

© AP Photo / Vladimir VoroninНочной стационар в Бишкеке
Ночной стационар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Министрлик COVID-19дун көбөйүшүн былтыркы жылга караганда лабораториялык иликтөөлөр көп жасалып, оору аныкталып жаткандыгы менен да байланыштырган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын көп болуп жаткандыгынын негизги себептерин белгилеген адистер, алардын бири — эл чектөөлөрдөн "чарчагандыктан" коргонуу чараларын көрбөй калгандыгы деген бүтүм чыгарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Андан сырткары, оорунун арбып жатышына жардамчы башка бир нече факторлор да кошулган.
"Оорунун көбөйүп жатышынын себептери — мутация болгон (түштүк африкалык, британдык, россиялык) штаммдардын келиши. Элдин чектөөлөрдөн тажап, дээрлик бардыгынын бет кап кийүү, колду жууп туруу эрежелерин жана аралыкты кармоону сактабай калышы. Жарандардын өзүнүн жана башкалардын алдында жоопкерчиликтүү болбошу", — деп айтылган маалыматта.
Министрлик оорулардын санынын көп чыгышын диагностика кылган лабораториялардын быйыл жеткиликтүү болушу менен байланыштырган. Мунун аркасында ооруну эртерээк аныктаганга жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз учурунда жасап калууга мүмкүнчүлүк жаралып жатат деген бүтүм чыгарышкан.
Медициналык кызматкер COVID-19га тестирлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Бир суткада 2000ге жакын адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап каза тапты
Эске салсак, соңку суткада кездешкен коронавирустун 1 965 учурунун ичинен 94 пайызы лабораториялык жол менен аныкталган.
"Учурда COVID-19ду ПЦР-тест ыкмасы менен аныктай турган лабораториялык кубаттуулуктар артты. Былтыр июлда 16 ПЦР-аппарат иштесе, быйыл алардын саны — 30. Өткөн жылы ушул маалга салыштырмалуу суткасына 1-2 миң изилдөө жасалса, быйыл бул учурда күнүнө сегиз миңге жакын анализ иштелип чыгып жатат", — деп айтылган маалыматта.
"Анткен менен ооругандар боюнча статистика өсүп жатат, андыктан бардык адамдарды аралыкты сактоого, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырабыз. Эгерде абалыңыз начарлап бара жатса дароо дарыгерге кайрылыңыз", — деген чакырык салган министрлик.
Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 1 965 адамдан табылып, сегиз бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0