Жалал-Абадда жоголгон 18 жаштагы өзбекстандык кыз табылды

CC0 / Pixabay / skeezeПисьмо к психологу
Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Милицияга Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусуна караштуу Яккабак шаарынын Ойша Азаматова аттуу тургуну кайрылып, небереси дайынсыз болуп жатканын билдирген.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда жоголуп кеткен 18 жаштагы өзбекстандык Севинч Бахрамова табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициядан кабарлашкандай, кыздын жоголгону тууралуу маалымат коомчулукка жарыялангандан кийин кайдыгер эмес жарандар кыздын кайда жүргөндүгү боюнча маалымат беришкен.
"Натыйжада шаардык милициянын өкүлдөрү кызды таап, чоң энесине өткөрүп берген", — дешти ОИИББден.
Эске салсак, 24-июнь күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалымат кызматы 18 жаштагы Өзбекстандын жараны изделип жатканын жарыялап, аны табууга элден жардам сураган. Милицияга Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусуна караштуу Яккабак шаарынын Ойша Азаматова аттуу тургуну кайрылып, небереси дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0