Марипов Баткендеги курулуш иштерин 1-сентябрга чейин бүтүрүүнү эскертти

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПредседатель кабинета министров Улукбек Марипов
Председатель кабинета министров Улукбек Марипов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Марипов апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү боюнча комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткендеги социалдык объектилердин жана турак жайлардын курулушу 1-сентябрга чейин жыйынтыкталышы керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Марипов 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркаган Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын онлайн кеңешмесин өткөрдү.
"Иш отчёт үчүн эмес, натыйжа үчүн жүргүзүлүшү керектигин дагы айткым келет. Турак үйлөрдү, инженердик жана социалдык инфраструктураны тез арада калыбына келтирип, жарандар кадимки жашоосуна кайтышы зарыл. 1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Зыяндын көлөмүн баалоо процедурасы бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жүргүзүлүшү кажет. Бардык жабыр тарткандарга компенсациялык төлөмдөр тез арада төлөнүшү керек", — деген Марипов.
Ал кошумчалагандай, объектилердин курулушу үч категорияга бөлүнгөн. Биринчи баскычта 136 турак үйдүн курулушу башталган. Анын ичинен жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөсүнүн 36 турак жайы бүтөйүн деп калды.
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Бийлик: Баткенди өнүктүрүү программасы элдин пикирин эске алуу менен түзүлөт
Экинчи орунда социалдык объектилердин курулушу турат. Учурда беш мектеп, эки бала бакча жана бир медициналык мекеме курула баштады.
Ошондой эле аскердик багыттагы объектилердин курулушу уланууда. Министрлер кабинетинин башчысы президент аларды да тез аранын ичинде бүткөрүүнү тапшырганын белгилеген.
Мамлекеттик комиссиянын отурумунда чек ара аймактарынын жабыркаган тургундарын күбөлүк документтери менен камсыз кылуу маселеси талкууланган. Учурда тургундарга 200дөн ашык документ берилген. Баткен, Кадамжай жана Исфана шаарларындагы Калкты тейлөө борборлору күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.
Мындан сырткары, Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жана Ак-Сай — Рават жол тилкелерин реабилитациялоо сыяктуу инфраструктуралык маселелерге көңүл бурулду.
Жаңылыктар түрмөгү
0