Кыргызстанда он миңдеген гектар жерди каптаган чегиртке жок кылынды. Сүрөт

© Фото / Министерство сельского, водного хозяйства и развития регионов КР Работы по борьбе с саранчовыми вредителями на полях и огородах
Работы по борьбе с саранчовыми вредителями на полях и огородах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Июнь айынын аягына чейин республикада 38 миң гектар жер изилденип, анын ичинде 28,4 гектарында чегиртке бар экени аныкталды.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет.
© Фото / Министерство сельского, водного хозяйства и развития регионов КР Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө.
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө.
© Фото / Министерство сельского, водного хозяйства и развития регионов КР Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет.
Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет.
© Фото / Министерство сельского, водного хозяйства и развития регионов КР Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет.
Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет.
1/3
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө.
2/3
Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет.
3/3
Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет.
"Быйыл 70 миң гектарга жакын аянтты чегиртке капташы мүмкүн деп божомолдонуп жаткан. Мындай болсо өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы ыктымал", — деп айтылат билдирүүдө.
Талаада эмгектенип жаткан дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Дыйкандар суунун тартыштыгын күзүндө чечсе болот. Министрдин сунушу
Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет.
"Аталган уюм чегирткелер жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону санариптештирүү үчүн планшеттерди сатып алууга жардам көрсөткөн. Эми бул планшеттер жалпы онлайн ASDC тутумуна туташтырылды. Системада Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү тууралуу маалымат болгондуктан, адистер коңшу өлкөлөр жөнүндө дагы билип турушат", — деп айтылат билдирүүдө.
Июнь айынын аягына чейин республикада 38 миң гектар жер изилденип, анын ичинде 28,4 гектарында чегиртке бар экени аныкталды. Алар:
  • Жалал-Абад облусунда — 14 миң гектар;
  • Ош облусунда — 5,5 миң гектар;
  • Баткен облусунда — 8,7 миң гектар;
  • Чүй облусунда — 1,2 миң гектар.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 27,8 миң гектар жер дарыланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0