Баланы сабаса тартипке келет дегендер жаңылышат. Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКур кармаган адам. Архив
Кур кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Окумуштуулар ондогон изилдөөлөрдү карап чыгып, бала тарбиялоонун ыкмалары анын мүнөзүнө кандай таасир берерин билүүгө аракет жасашкан.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар баланы сабаса тартипке келет деп ойлогон ата-энелер жаңылышарын айтышты. Изилдөө Lancet илимий журналына жарыяланды.
Маалыматта баланы сабаганда анын кыял-жоругу оңолбой эле, тескерисинче, бузулары белгиленген. Адистер бул тема боюнча 70 иликтөөгө анализ жасашкан.
"Изилдөө учурунда таяк жеген балада агрессия күчөгөнү, коомчулукта өзүн алып жүрүүсү бузулганы, мектептеги жүрүм-туруму дагы тескери жакка өзгөрүп, бейбаштык көп кылганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Кээ бир иликтөөлөр баланы сабаганда анда бат ачуулануу, ызага батуу сезимдери жаралып, өч алганды, талаш-тартыштарга катышканды жактырган мүнөз пайда болорун көрсөткөн.
Окумуштуулар баланы жазалоонун башка жолдорун, мисалы, оюнчугун алып коюу сыяктуу ыкмаларды колдонууну сунушташкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0