Бишкекте эмдөө жайлары аптека менен соода борборлорунда ачылып, күнү-түнү иштейт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүCOVID-19га каршы эмдөө
COVID-19га каршы эмдөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Өлкөдө эпидемиологиялык абал начарлап жатканы белгиленип, зарылдык жаралса чектөө киргизилери айтылды.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө эпидемиологиялык абал улам начарлап бара жатат. Азыр жергиликтүү бийлик чектөө киргизген жок, бирок зарылдык жаралса чектеген чаралар кабыл алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы коронавируска каршы республикалык штабдын кезектеги жыйыны өткөнүн кабарлады.
"Республикада эпидемиологиялык абал улам начарлап бара жатат. Азыр жергиликтүү бийлик чектөө киргизген жок, бирок зарылдык жаралса чектеген чаралар кабыл алынат. Жакында Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза кытайлык вакцина алып келинет. Андыктан элге вакцина саюуну тездетип, болушунча көп кишини эмдөө зарыл. Вакцинация жүргүзүүчү жайлардын күн-түн дебей иштөөсүн камсыздоо кажет", — деген ал.
Мындан улам Бишкек шаарында элди эмдеген жайларды көбөйтүү иштери жүрүп жатканын айткан. Вакцина саюу ири соода борборлорунда ачылган жайларда жана аптекаларда жүргүзүлөрү маалым болду.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирусту 1 485 киши жуктуруп, 10 бейтап каза болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0