Жүк ташуучу 119 унаа кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы абал

© Фото / © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСитуация на пункте пропуска "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на пункте пропуска Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү пунктулары кадимки тартипте иштеп жатканын айтып, адатта дем алыш жана базар күндөрү тыгын көп жарала турганын белгиледи.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда автоунаалардын тыгыны жаралганын айтып, бирок абал туруктуу экенин билдирди.
Чек ара кызматы бардык пунктулар кадимки тартипте иштеп жатканын белгиледи.
"Ак-Тилек" пунктунда автоунаалардын тыгыны бар. Азыркы тапта 119 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Мындай көрүнүш айрыкча дем алыш жана базар күндөрү көп болот", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы Кыргызстандын аймагына жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө жок экенин белгилеп, жеңил автоунаалар менен жөө адамдар тоскоолдуксуз өтүп жатканын кошумчалады. Ал эми башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес. Атайын кызмат айдоочуларды абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0