Өзгөн күрүчүнүн мекени Кара-Кулжа беле? Район тууралуу кызыктуу фактылар

© Sputnik / Акылбек БатырбековВыращивание узгенского риса
Выращивание узгенского риса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Кара-Кулжа районунун аталышы жана андагы ыйык жерлер тууралуу "Манас" эпосунан дагы кездештирүүгө болот. Кызыгы, өзгөн күрүчү Өзгөндүкү эмес Кара-Кулжаныкы болгон дешет.
Sputnik Кыргызстан Кара-Кулжа районунун энциклопедиясы жана Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосунун экинчи томундагы маалыматтарды пайдаланып аймак тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Калкынын саны 90 миңге чукулдайт

Кара-Кулжа району Ош облусунун чыгыш жагындагы эң четки административдик аймак. 1937-жылы 2-октябрда негизделип, Совет району деп аталган. Алай, Өзгөн райондору, Нарын облусу жана Кытай өлкөсү менен чектешет. 1962-жылы Өзгөн районуна кошулуп, кайра 1969-жылы өзүнчө бөлүнүп чыккан. Ал эми 1991-жылы Совет кайра мурунку тарыхый аталышы "Кара-Кулжа району" болуп өзгөргөн.
Баткен облусунун Лейлек районунун кире беришиндеги арка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Алгачкы адамдар жашаган жерби? Лейлектин аталышы жана тарыхы тууралуу фактылар
Каракулжалыктар илгертен эле мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенет. Климаты континенттик, кышында кар калың түшүп, суук болот.
Район 12 айыл өкмөттөн жана анын курамындагы 49 айылдан турат. Мында 89 миңден ашуун калк жашайт, башка улуттун эли жокко эсе.
Бул жерди адыгиненин урпактары баргы, жору, бөрү, таздар, кара багыш жана башка кыргыздын түптүү уруулары байырлайт. Алар кыргыздардын башын бириктирип, өз алдынча мамлекет курууга аракеттенген Мухаммед кыргыздын оң канаты болгон деген маалыматтар бар. Кара-Кулжа өрөөнү да өлкөнүн башка аймактарындай эле тарыхый өнүгүүнүн бардык этаптарын басып өткөн. 

Өзгөн күрүчү Кара-Кулжада өстүрүлгөн

Атагы далайга жеткен Өзгөн күрүчүнүн чыныгы мекени Кара-Кулжадагы Тар дарыясынын жээгинде жайгашкан Сары-Камыш айылында болгон деп айтылат. Бул айылдын күрүчү Өзгөн шаарынын базарында сатылып жүргөнү үчүн гана "Өзгөн күрүчү" деп аталып калган. Кийин Сары-Камыштагы жерди суу каптап кетип, Тар жана Кара-Кулжа дарыяларынын кошулган аймагы Учук деген тилкеге көчүрүлгөн. Учурда Учуктун күрүчү эталонго айланган. Албетте, Өзгөндө да күрүч эгилген, бирок сапаты, даамы жана адамга жагымдуулугу жагынан Кара-Кулжанын күрүчү артыкчылык кылат дешет.

Кара-Кулжанын аталышы

"Манас" эпосунда сай жер жана тоонун аты катары айтылат. Манастын эли жашаган бул райондун этимологиясы Сагынбай Орозбаковдун вариантында мындайча чечмеленет. Бакай жоого аттанып, жол жүрүп, ушул аймактан баатырлары менен бирге 54 капкара кулжаны атып жолго түшкөн экен. Кара деген сөз бир гана түз маанисиндеги кара түстү эмес, көп деген маанини да туюндурган. Бакай бул жерде кулжалар көп болгонун эскерет. Кара-Кулжа аталышы ошондон калган деп айтылат. 

"Манас" эпосунда Кара-Кулжа тууралуу

Манастын ажыдаар өлтүргөн жери — райондогу Алайкуу айылынын От-Жалпак аттуу жайлоосунда өйдөдөн түшкөн нук бар. Манас өлтүргөн ажыдаар сойлоп түшкөндө ошол нук калган деп эл оозунда айтылып жүрөт ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 383-бет).
Манастын Аккелтесин сынаган жери — Алайкуудагы Орто-Төр жайлоосунда жалама асканын боорундагы ок көзөгөн сымал уюк бар. Элдин айтымында, Манас Аккелтесин сынап ошол жерди атып көргөн. Аккелтенин огу зоонун бетин көзөп, үңкүрдөй оюк калат. Азыр да мергенчилер ууга чыгарда ошол жерге бир барып кетишет ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 383-бет).
Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, залкар акын Сооронбай Жусуев жана Сүйүнбай Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2016
Сооронбай Жусуевдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу 7 факты
Сайкал кыз мазары — Карагуз айылындагы Тар дарыясынын сол жээгиндеги күмбөздүн аталышы. Күмбөздүн бетине эски түркчө, арабча, фарсча жана Орхон-Енисей жазуулары түшүрүлгөн. Кыз Сайкал ушул жерге коюлган дешет. Аны мазар тутуп келишет ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 384-бет).
Тулпар казык — Кара-Кулжа районунун Тоготой айылынын четинде "Тулпар казык" деп аталган кырктан ашык чынардын аталышы. Ал кырк чынарга Манастын кырк чоросу тулпарларын байлачу делет. Кийин ал теректерди кыйганда кан чыккан имиш. Тулпар казыкка тийгени соо калбаптыр ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 384-бет).
Тоготой Терек — Манас Шоорук канга каршы жортуулга келе жатып чынар теректин бир бутагын жерге сайып, ага аты Аккуланы байлаган. Казык катары колдонулган ал чынар кийин жоондугу беш адамдын кулачы жетпеген, узундугу отуз метрден ашык терекке айланган экен ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 382-бет).
Манастын найзасы — Ажыке айылындагы Кыз-Эмчек жайлоосундагы найзага окшогон тигинен турган учтуу шиш таш. Эл аны Манастын найзасы деп атап коёт ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 383-бет).
Аккуланын булагы — Ак-Башат жайлоосундагы булак. Манас казатта жүрүп, Алайдан Кара-Кулжага ашып келе жатканда абдан суусайт. Аттарынын да суу ичпегенине көп болот. Манас булак издеп дүрбү салып жатканда минген аты Аккула жерди чапчып-чапчып алган экен. Ал жерден суу атып чыгып, ошондон улам "Аккуланын булагы" деп аталып калган ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 381-бет).
Бишкектеги Ормон хандын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Ормон хан. Кененсарынын башын алып, Кокондун колун кыйраткан "Кызыл тебетей"
Баатырлар күмбөзү — казатта курман болгон баатырлар Кара-Кулжа районунун Тар дарыясынын оң жээгиндеги Тастар-Ата жарынын түбүндө жайгашкан күмбөздөргө коюлган.
Бакай-Дөбө — Кара-Кулжа районундагы Адыр, Жийде, Тоготой айылдарынын ортосундагы дөбөнүн аты. Бакай ушу дөбөгө чыгып, жайлоолорду карап, кароолдоп турган деп айтышат ("Манас" эпосунун 2-томдугу, 381-бет).
Манас тагы — Кара-Кулжа өрөөнүндөгү айылдардын ортосунда Манастын тагы болгон. Ошол тагынан Кара шаарга жана Бээжинге аттанып же келгенде токточу деп айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0