Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 4 миң жаранга амнистия жарыялоо сунушталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКамактагылар жыгач устаканада иштеп жатышат. Архив
Камактагылар жыгач устаканада иштеп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоордо жеңил жана оор кылмыш кылгандарды абактан бошотуу сунушталган. Документте амнистиянын категориялары көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты "Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата амнистия жарыялоо" жөнүндө мыйзам долбоорду сунуштап жатышат. Документ төрт миңден ашык камактагы жаранга тийиштүү болушу мүмкүн.
Долбоор 1-июлдан тарта коомдук талкууга коюлду. Демилгечилери — Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова, Эмил Токтошев, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Айнуру Алтыбаева.
Мыйзам долбоордо жеңил жана оор кылмыш кылгандарды абактан бошотуу сунушталган:
  • 60 жаштан жогорку курактагы эркектер менен 50 жаштан өткөн аялдар;
  • I жана II топтогу майыптыгы бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;
  • үйүнүн жалгыз багуучусу, кеминде эки жашы жете элек баласы бар же I жана II топтогу майып балдары барлар;
  • биринчи жолу жеңил кылмыш жасагандар;
  • аялдар менен жашы жете электер, мыйзам күчүнө киргенден кийин бир жылдык жаза өтөө мөөнөтү калгандар.
Бул мыйзам өтө оор кылмыш жасагандар үчүн иштебейт. Документте жогорудагы категорияга кирген жарандар качып жүргөн болсо жана мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде ыктыярдуу түрдө кайтып келишсе аларга дагы амнистия колдонулары белгиленген.
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Чүйдө 34 жаштагы киши 73 жаштагы энесин өлтүрүүгө шектелип жатат
Мындан сырткары, жеңил кылмыш кылгандардын абактагы мөөнөтүнүн жарымын, оор кылмыш жасагандардыкын үчтөн бир бөлүгүн, өтө оор кылмыш кылгандардыкын төрттөн бир бөлүгүн кыскартуу сунушталып жатат.
Эгер бул мыйзам долбоор кабыл алынып кала турган болсо, ЖАМКнын божомолу боюнча 153 адам абактан бошотулушу мүмкүн. Ал эми ушул мыйзам колдонулушу ыктымал болгон 951 адам качып жүргөнү айтылды. Ал эми 3 127 адамдын камактагы мөөнөтү кыскарышы мүмкүн.
Мыйзам долбоордо камактагылардын айрымдарын эркиндикке бошотуу менен бюджеттик каражатты үнөмдөөгө болору белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0