Кыргызстандын мыкты спортчусу Оңолбек Каныбек уулу үйлөндү. Сүрөт

© Фото / предоставлено Онолбеком Каныбек уулуВолейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу үйлөнүү үлпөтүндө
Волейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу үйлөнүү үлпөтүндө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Жубайы Кундуз менен Медициналык академияда чогуу окушкан. Спортчунун үлпөт тою кечээ Бишкектеги тойканалардын биринде өттү.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Волейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу менен Кундуз Карыпбекова экөө баш кошту. Маалыматты Sputnik маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктады.
© Фото / предоставлено Онолбеком Каныбек уулуВолейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу менен Кундуз Карыпбекова экөө баш кошту
Свадьба волейболиста сборной Кыргызстана Онолбека Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Волейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу менен Кундуз Карыпбекова экөө баш кошту
Спортчунун үлпөт тою кечээ Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Волейболчу жигиттер Ферганада өтө турчу Азия зонасынын чемпионатына барат
Жубайы Кундуз менен Медициналык академияда чогуу окушкан. Ал балдар нефрологу, өзү ортопед-травматолог. Ортолору бир жаш айырма бар, тагыраагы, волейболчу 30, келинчеги 29 жашта.
Оңолбек Каныбек уулу — КРдин волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты спортчу", "Sports Awards-2015" версиясы боюнча "Мыкты волейболчу" аталып, андан сырткары, Улуттук лиганын чемпиону, Азиянын аймактык чемпиондугунун "Мыкты оюнчусу", Борбордук аймактын тандоо турунун "Мыкты оюнчусу" (2017, 2019), Дүйнө чемпиондугунун II тандоо турунун "Мыкты оюнчусу" (2018) аталган. Ошондой эле Таиланддагы "Эйр Форс" клубунда ойногон.
2018-жылы Азия оюндарынын ачылышында жалпы курама команда менен Кыргызстандын туусун көтөрүп баскан.
Жаңылыктар түрмөгү
0