Келинимдин чыр салганы жанга батты, чыдабай баратам... Кайнененин даты

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Катран Ляйлякского района Баткенской области
Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кыялы жаман келинден көңүлү калса да баласын кыя албай кыйналган эне кат жазган.
Саламатсыздарбы, менин катыма да психологдон кеңеш сурап берсеңиздер жакшы болот эле. Өзүм 57 жаштамын. Абышкам да алтымышка чыгып калды. Экөөбүз беш баланын ата-энеси болдук. Улуу балам менен келиним өз алдынча бөлүнүп кетишкен. Балдарынын алды мектепти аяктоо алдында турат. Үч кызым бар. Кыздардын экөөсүн турмушка берип, бирөө шаарда иштейт. Каражаттын жоктугунан балдардын эч кимисин окута албадык. Азыр колубузда кичүү уулум менен келиним бар. Чүйдө турабыз. Келинимдин келгенине 10 жылдан ашты. Төрт баласы бар. Келин-уулум иштешет. Абышка экөөбүз баланы, үй-жайды карап үйдөбүз.
Аялдар көчөдө сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Кайнатам эжемди экинчи аялым бол деп жанын койбой... Ызаланган келиндин каты
Менин маселем эле баламдын ден соолугуна байланыштуу. Тубаса жүрөк оорусу бар. Капаланса эле жүрөгү кармап, эс-учун билбей жатып калат. Өзү аябай жоош. Коркуп, кичинесинен көзүн карап өстүрдүк. Келиним болсо дакылдаган, улуу-кичүү, кайната-кайнене, кайнага дегенди билбей эле адыраңдап сүйлөгөн жайы бар. Жедеп ушу баламды аяп, "экөө урушуп кетпесе экен" деп көзүн карап жүрүп ушуга келдик. Келиндин айтканынын баарына көнөбүз. Кыздарым келсе бир күндөн кийин эле "кетишпейби" деп үтүрөңдөп чыгат. Анда да кыздарымды акырын жолуна салам. 
Кылдан кыйкым таап ызы-чуу салмайы бар. Аялынын жини кармаганда, ызы-чууну көтөрө албаган балам жүрөгү кармап жатып калат. Бир нече жолу тез жардам чакырып, ооруканага да алып барган күндөр болду. Баламдын оорусунан коркорубузду билип алып, келин бизди каалагандай калчай турган болду. Эмне кылышты билбей калдык. Бир айда жок дегенде эки жолу уруш чыгарат. Бир-эки ирет энесин, эжелерин чакырсак алар кызын тилдеп, тынчтандырып кетишкен. Кудагыйым менен кудачалар деле созулган жакшы кишилер. Менин келиним эле кайдан чыкканын билбейм.
Мындан ары келиндин кылыгына чыдабай калдык. Айла жок. Кандай кылсак болот?
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Үй-бүлөдө негизи келишпестиктер боло берет. Бирок аны туура жол менен чечип алууну, бири-бирин угуп, түшүнүүнү үйрөнсөк конфликт өзүнөн-өзү чечилет эле.
Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жашым өткөндө экинчи ирет турмушка чыгып жаңылдым. Кызматкер аялдын каты
Келиндин жаман кыялынын бир айда эки жолу кармарын эсеп менен жазыпсыз. Ал эмне себептен антип жатканынын себебин аныктап көрсөңүз. Мүмкүн талаптары орундалбай жаткандыр же күйөөсүнө нааразычылыгы бардыр. Балаңыздын ден соолугуна байланыштуу көзүн карап өстүргөн экенсиз. Азыр да үй-бүлөсү бар, ата болуп калган балаңызга өзгөчө көңүл буруп, бөпөлөп жатканыңыз, балким, келиниңизге жакпай жаткандыр. Ошол себептен кылдан кыйкым издеп жаткан жокпу? Анткени аялзатында "жолдошум мага көңүл бурса, эс алып бир жакка барсак, чечкиндүү болсо" деген өңдүү ойлор болот. Ушул жагынан оюн айта албай жинин чыр-чатак менен чыгарып жаткандыр. Бул жерде келиндин чыр салган себебин билүү абзел. Кандай маселе болбосун акырын отуруп, ачык сүйлөшүп алуу керек. Анын бир туугандарын чакырып аралаштырганда уруш кайра ырбашы мүмкүн.
Үйдөгү мындай курч мамиле, ызы-чуунун бат-бат болуп туруусу баарыңыздардын ден соолугуңуздарга терс таасир тийгизет. Андан өсүп келе жаткан балдар да туура эмес тарбия алып калышы ыктымал.
Эгер келиниңиз кааласа, психологго барып жекече кеңеш алсын.
Жаңылыктар түрмөгү
0