Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт

Кыргыз-казак чек арасында кезек азайды: 50 жүк ташуучу унаа турат

50
(жаңыланган 13:44 03.07.2021)
Кечээ "Ак-Тилек" пунктунан 119 жүк ташуучу автоунаа өтө албай токтоп турган. Адатта дем алыш жана базар күндөрү тыгын көп жаралары белгиленген.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларында жүк ташуучу унаалардын кезеги азайды, абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.

Бүгүн саат 12:00гө карата "Ак-Тилек" пунктунан өтөйүн деп кезекте 50 гана жүк ташуучу унаа турат. Кечээ 119 автоунаа токтоп турган. Адатта дем алыш жана базар күндөрү тыгын көп жаралары белгиленген.

Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес.

Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.

50
Белгилер:
'Актилек' көзөмөл өткөрүү жайы, кезек, автоунаа, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Жүк ташуучу 119 унаа кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы абал
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт

Жапаров менен Ташиевдин жаратылыштагы сүрөтү: бири сүйлөп, экинчиси берилип угуп...

22
(жаңыланган 21:24 24.07.2021)
Эки саясатчынын достук мамилеси жөнүндө коомчулукта айтылып, бул туурасында алар өздөрү да бекемдеп келет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Интернет айдыңында президент Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жаратылыш койнунда отуруп, бири кеп салып, экинчиси өтө көңүл коюп угуп жаткан сүрөт тарады.

Аны президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы Адинай Марипова өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына койду. 

Эки саясатчынын достук мамилеси жөнүндө коомчулукта айтылып, бул туурасында алар өздөрү да бекемдеп келет. Жапаровдун айтымында, алар 15 жыл мурда таанышып, бирге иштешкен. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышына депутат болушкан.

Кумтөр маселеси боюнча митингди чогуу уюштурушкан, андан соң бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча ишке шектелишкен. Жапаровго бийликтин жогорку тепкичине чыгууга Ташиев көмөктөшкөнү эч кимге жашыруун эмес. Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин аны "дос-секретарь" деп атаганы бар. Эске салсак, мурда өлкөдө идеологияга жооп берчү – мамлекеттик катчы (госсекретарь) кызматы болгон. Ташиев Жапаров абактан чыгарылган күндөн тарта жанында коштоп жүргөндүктөн, ЖК төрагасы Текебаев ага ушундай ылакап ысым ыйгарган. 

22
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, Кыргызстанга чакырды
Ала-Тоо аянтында сүрөткө түшкөн кыздар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

6
25-июлда өлкөдө ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлүп, абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 40 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жекшембиде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Талас өрөөнүндө +34…+39, Ысык-Көлдө +27…+32, Нарын аймагында +28…+33 градус болот.

Синоптиктер күндүн табы Бишкек, Ош шаарларында +38…+40, Чолпон-Атада +27…+29 градуска жетерин билдиришти.

6
Белгилер:
Кыргызстан, июль, аба ырайы
Тема боюнча
Аптаптуу ысык кайтып келет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты