Бишкек — Ош жолунда каттаган таксист Мамасадыков: негизги үч оорубуз бар

© Sputnik / Табылды КадырбековТаксист Чолпонбай Мамасадыков
Таксист Чолпонбай Мамасадыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Бишкектен Ошко жетүү үчүн кеминде 11, болбосо 14 саат жол жүрөсүң. Кыйналбай кетиш үчүн кандай унаага отуруш керек жана таксисттин тажрыйбалуу экенин кантип билсе болот? Бүгүнкү маекте ушул тууралуу кеп кылабыз.
Чолпонбай Мамасадыков Бишкек — Ош жолунда каттай берип туягынан түк калган. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен бирге Ошко чейин барып, жол азабына күбө болуп келди.
Ал жолоочуга гана айта алган арыз-муңун, таксисттер көп чалдыккан оорулар жана жүргүнчүлөргө кеңештерди айтып берди.
— Такси кызматында канча убакыттан бери иштеп жүрөсүз?
— Ушул жолдо жүргөнүмө 20 жыл болуп калды. Эң биринчи "Жигули" үлгүсүндөгү унаа менен каттагам. Эки жылдан кийин Audi 100 алдым, ал эскиргенде Mercedes-Benz айдадым. Учурда оңдоону азыраак талап кылат экен деп Toyota Avensis менен каттап жатам. Бирок жаман жолдор муну деле талкалап коюуда. Бир каттамда эле автоунаанын бир жери бузулат, жок дегенде дөңгөлөгү жарылат. Дагы канчадан кийин жол оңдолуп бүтөт, билбейм, карапайым элге эле кыйын болду. 
© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпонбай Мамасадыков: Ушул жолдо жүргөнүмө 20 жыл болуп калды. Эң биринчи "Жигули" үлгүсүндөгү унаа менен каттагам.
Таксист Чолпонбай Мамасадыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Чолпонбай Мамасадыков: Ушул жолдо жүргөнүмө 20 жыл болуп калды. Эң биринчи "Жигули" үлгүсүндөгү унаа менен каттагам.
— Бишкек — Ош жолунун кайсы тилкелери бузулган?
— Төрт-беш жылдан бери аң-чөнөктөр көбөйүп кетти. Караңгыда же жамгырда суу толгонун көрбөй түшүп кетсең, дөңгөлөгүң айрылат, диск кыйшаят. Анан ошол жерде эки-үч саат кармалып каласың.
Бишкек — Ош жолунда бараткан унаалар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Аңгектен качсаң дөңгөккө кептеп... Бишкек — Ош жолунан кейиштүү кадрлар
Жаман жол Бишкектен чыкканда эле Сокулуктун борборунан башталат. Төө-Ашуудан түштүк тарапка түшүп баратканда жыртык-тешиктерден качып кутула албайсың. Суусамырдын ичи деле ошондой. Анысы аз келгенсип, жолду оңдоо үчүн оюлган төрт бурчтуктар асфальт төшөлбөй кала берет. Дайыма оңдогондой көрүнгөнү менен тешиктер дегеле азайбайт.
Чоң туннелдин ичиндеги оюлуп кеткен жолдордон дагы маңдай-тескей келген машинелер кысылып өтөт. Демек, андан өтүү дагы кооптуу.
Ары жагы Ноокен районунан башталып Жалал-Абад шаарынан чыгып кеткенге чейин шагыл жол. Үч жыл мурун оңдоп баштаган, бир чакырымына асфальт төшөп коюп кайра жок болуп кетишет. Жок дегенде суу сээп койбойбу, чаң сапырылып жүрө албай калдык. Ошко адырдан түшүп келгендей болуп кирип барабыз.
— Жолдун начардыгы кырсыктын бир себеби да...
— Албетте, өз жолуңда чоң чуңкур турса, каршы тилкеге чыгууга туура келет. Эгер алдыңан машина катуу келе жатса, кагышып кетүү толук мүмкүн. Анан да катуу келе жатып аңга түшүп калса дөңгөлөгү жарылып, унаа оодарылып калышы ыктымал.
— Жол киренин кымбатташына да бузулган жол себепчи болуп жаткан турбайбы?
Жолдо бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Айып кагазын кайсы учурда жокко чыгарса болот? Айдоочулар үчүн пайдалуу маек
— Ооба, жол жакшы учурунда 10-11 саат эле жүрчүбүз, азыр 14 саатка созулуп кетүүдө. Бир "ходовой" жасатууга 5-10 миң сом кетсе, дөңгөлөк 2500 сом турат. Бүт тетиктин, бензиндин баасы өсүп жатса, кантип жол кире кымбаттабайт? Мен бир каттамга 2500 сомдук дизель куюп жетем. Биз такси менен тиричилик кылып, бала-чака багабыз да. Башка иш жоктугуна байланыштуу күнү-түнү дебей жол жүрүүгө аргасызбыз. Туруктуу жумушуң болсо күндүз иштеп, кечинде үй-бүлөңдүн маңдайында отурган кандай сонун.
— Ошондо жол кире канча сомго кымбаттады?
— Мурун жеңил унааларда 1200 сом болсо, азыр 300 сом кошулду. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөрүлдү. Бишкектен Ошко кетүү арзаныраак болсо, кайра Бишкекке келүү 1800 сомго чыкты. Жол оңдолсо бизге эле эмес, элге дагы жакшы болмок. 
— Эмгегиңиз акталып жатабы анан?
— Бузулбаса актайт, эгер бир дөңгөлөк жарылган болсо актабай калат.
© Sputnik / Табылды КадырбековТаксист Чолпонбай Мамасадыков: Төрт-беш жылдан бери аң-чөнөктөр көбөйүп кетти. Караңгыда же жамгырда суу толгонун көрбөй түшүп кетсең, дөңгөлөгүң айрылат, диск кыйшаят. Анан ошол жерде эки-үч саат кармалып каласың.
Таксист Чолпонбай Мамасадыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таксист Чолпонбай Мамасадыков: Төрт-беш жылдан бери аң-чөнөктөр көбөйүп кетти. Караңгыда же жамгырда суу толгонун көрбөй түшүп кетсең, дөңгөлөгүң айрылат, диск кыйшаят. Анан ошол жерде эки-үч саат кармалып каласың.
— Жүргүнчүлөр узак жолдо кыйналбай кетиши үчүн кандай унаа тандашы керек?
— Албетте, элдин көз карашы ар кандай. Мен төрт орундуу унааларды тандоону сунуштайт элем. Көпчүлүк 200-300 сомун аяп, жети орундууларга отуруп алышат. Анткен менен жеңил унаада кетүү ыңгайлуураак.
— Ал эми айдоочунун тажрыйбалуу экенин кантип билсе болот?
— Биринчи кезекте жаш курагын караш керек. Анан жаш эле туруп "10-15 жылдан бери каттайм" десе кантип ишенесиң. Себеби 20-21 жашында машина алып, Бишкек — Ошко таксист болуп иштөө кыйын да. Россиядан акча чогултуп келип унаа алып жаңыдан каттап баштагандар дагы бар.
— Өзүм да Бишкектен Ошко көп каттагандыктан жолдун азабын билем. Мындай шартта иштеген таксисттер көбүнчө кандай дартка кабылат?
— Айдоочунун иши деле оор, кээде унааң бузулуп, күндөп-түндөп жолдо калып каласың. Суук өтөт, 50 жашка жетпей белиң, колу-бутуң ооруп калат. Көбүнчө геморрой, грыжа, остеохондроз илдети менен ооруп каласың. Бул оорулар кыймылсыз отура бергенден пайда болот го. 
© Sputnik / Табылды КадырбековМамасадыков: Жаман жол Бишкектен чыкканда эле Сокулуктун борборунан башталат. Төө-Ашуудан түштүк тарапка түшүп баратканда жыртык-тешиктерден качып кутула албайсың. Суусамырдын ичи деле ошондой.
Таксист Чолпонбай Мамасадыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мамасадыков: Жаман жол Бишкектен чыкканда эле Сокулуктун борборунан башталат. Төө-Ашуудан түштүк тарапка түшүп баратканда жыртык-тешиктерден качып кутула албайсың. Суусамырдын ичи деле ошондой.
— Үй-бүлөңүз Ошто турабы?
— Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынанбыз. Үч уул, бир кызым бар. Бир уулум менен кызым үй-бүлөлүү. Кийинки баламды дагы үйлөнтүүгө каражат жетишсиз болууда. Кенже балам оорукчан болуп калган, жубайым экөөбүз ошону карап отурабыз. Ага "балдардын церебралдык шал оорусу" деген диагноз коюшкан. Алты айда бир Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жерине алып барып дарылатам. Азыр акча керек болгондо гана каттамга чыгып коём. Себеби мурун апасы гана караса, азыр экөөлөп караганга туура келүүдө. Ал тамагын чайнап берип курсагын тойгузат, мен көтөрүп коляскага отургузуп, ажатканага, сыртка алып чыгам.
— Жогорку окуу жайды бүткөнсүзбү, негизги кесибиңиз кандай?
Ишкер Назира Маматкалыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Москвадагы үйдү сатып, Кыргызстанда каттама жасай баштадым. Ишкер айымдын чыйыры
— Аскерден келгенден кийин Москвадагы Айыл чарба институтуна тапшырып, экономист адистигин окугам. Ал жакта бир жылдай иштегенден кийин турмушка байланыштуу айылга келдим. Анан Өзгөн райондук аткаруу комитетинин Иш менен камсыз кылуу бюросунда экономист, кийинчерээк Куршабдын ооруканасында башкы бухгалтер болуп иштедим. Бирок айлыктын аздыгынан чыгып кеткем. Кийин базарга чыктык, соода-сатык кылып Казакстанга да барып келдик. Кичүү балам оорукчан болуп төрөлгөндөн кийин үйдө отуруп калдык.
— Кандай жүргүнчүлөр таксисттин жанын кашайтат?
— Өзгөчө "жарымтасы" жанында жүргөн адамдар менен кыйын. Жарык чыккан жерге эле токтотуп, 50 грамм ичип алайын деп чарчатат. Ал эми башкалар "токтобой айда" деп ызылдайт. Негизи ичкен адамдарды албайбыз. Анан тааныштарың чыгып калса, айла жок. Кээде тамактанганы түшкөндө шашпай отуруп алышканы айланы кетирет. Чакырсаң кайра жинденип "таштап кете бер" дейт. Мас кишини кантип орто жолго калтырып кетесиң. 
© Sputnik / Табылды КадырбековТаксист Мамасадыков: Өзгөчө "жарымтасы" жанында жүргөн адамдар менен кыйын. Жарык чыккан жерге эле токтотуп, 50 грамм ичип алайын деп чарчатат. Ал эми башкалар "токтобой айда" деп ызылдайт. Негизи ичкен адамдарды албайбыз. Анан тааныштарың чыгып калса, айла жок.
Таксист Чолпонбай Мамасадыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таксист Мамасадыков: Өзгөчө "жарымтасы" жанында жүргөн адамдар менен кыйын. Жарык чыккан жерге эле токтотуп, 50 грамм ичип алайын деп чарчатат. Ал эми башкалар "токтобой айда" деп ызылдайт. Негизи ичкен адамдарды албайбыз. Анан тааныштарың чыгып калса, айла жок.
— Эң эле кооптуусу — узак жолго чыкканда унаанын бузулуп калышы эмеспи. Ээн талаада калып калган учурлар болгонбу?
— Анда Mercedes-Benz айдачумун, түнкү саат бирлер чамасында Суусамырдын ээн жерине келип жүрбөй калды. Көрсө дизели тоңуп калыптыр. Кыш эле, сыртта ызгаар суук, тура албайсың. Эки кардарым жолдон башка унаа менен кетип, экөө "башка таксиге акчабыз жок" деп отурушту. Анан бир унаага сүйрөтүп, Суусамырдагы май куюучу жайга алып бардым. Антигель алып куйсам да болбойт. Үч-төрт машинага кайра-кайра сүйрөттүм, такыр жүрбөй койду. Кардарларым май куюучу жайдын жылуу жерине кирип отурушту. Ошентип таң атып, күн чыкканда дагы бир унаага сүйрөтсөк жүрүп кетти. Ошондой да күндөр өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0