Жүрөгүңөрдүн бир бөлүгүн берип, күрөшүп келесиңер. Жапаров медиктерди куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Жапаров бүгүнкү күндө, өлкөнү коронавирус каптап турган убакта ак халатчандардын бел чечпей эмгектенип жаткандыгын баса белгилеген.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ар бир бейтапка жүрөгүңөрдүн бир бөлүкчөсүн берип, күн сайын кимдир бирөөнүн өмүрү, ден соолугу үчүн күрөшүп келесиңер, андыктан силерге да болоттой чың ден соолук каалайм. Мындай каалоону президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктаганда айткан.
Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Жапаровдун ак халатчандарды куттуктагандыгын билдирди.
"Сиздердин кесибиңиздер — талыкпас эмгекти талап кылып, адамды мээримге жана камкордукка бөлөйт. Сиздерге албан ийгиликтерди жаратууну, кажыбас кайратты каалайбыз. Ар бир бейтапка жүрөгүңөрдүн бир бөлүкчөсүн берип, күн сайын кимдир бирөөнүн өмүрү, ден соолугу үчүн күрөшүп келесиңер, андыктан силерге да болоттой чың ден соолук каалайм. Ар бириңиздерге күч-кубат жана сабырдуулук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакубатчылык тилейм", — деген президент.
Ал калк саламаттыгы Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат деп айтып, коронавирус боюнча бүгүнкү абалга токтолгон.
Бейтапты сактайм деп акка моюн сунгандар. Ак халатчандарды эскерген видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2020
Бейтапты сактайм деп акка моюн сунгандар. Ак халатчандарды эскерген видео
Өткөн жылы жалпы суммасы 448,5 млн. сомду түзгөн 14 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түздөө иштери пландаштырылып, бүгүнкү күндө республика боюнча 11 объект бүткөрүлгөнүн айткан.
Маалыматка караганда, республика боюнча 109 703 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.
Жапаров бүгүнкү күндө, өлкөнү коронавирус каптап турган убакта медиктердин бел чечпей эмгектенип жаткандыгын белгилеген.
"Кооптуу илдетке каршы (COVID-19 – ред.) эң мыкты дарыгерлер, медайымдар жана санитардык кызматкерлерибиз талыкпай эмгектенип жатышат. Эл үчүн кылган ак кызматыңар, чыдамкайлыгыңар, кесиптик милдетиңерди так аткарганыңар, бейтаптарга кылган жылуу мамилеңер жана мээримге толгон жүрөгүңөр үчүн ыраазычылык билдирем", — деп айтылат куттуктоодо.
Буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 1-июлдан тарта Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлгөнүн кабарлашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0