Медициналык текшерүү учурунда адам. Архив

Адамдын тили рак болгондо кездешчү белгилер айтылды

147
Эгерде тилди кокусунан тиштеп алганда канап кетсе, анда бул да онкологиялык оорунун белгилеринен болушу мүмкүн. Адистер бул учурда дарыгерге кайрылууну эскертишет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Cancer Research UK медициналык уюмунун адистери рак илдетинин белгилерин ооз көңдөйүнөн кантип билсе болорун айтышты. Бул тууралуу Daily Express гезити жазганын РИА Новости билдирди.

Зыяндуу заттар тилде же анын астында өнүгүшү мүмкүн экени маалыматта айтылат. Адамдын тилинде кызыл же ак чекитке окшогон сезгенүү көпкө чейин сакталса, анда ал дарыгерге кайрылышы керек.

Кооптуу ооруну эскерткен көптөгөн белгилердин катарында дарыгерлер жараны (язва) же өзүнөн-өзү жоголбогон шишикти аташты. Эгерде тилди кокусунан тиштеп алганда канап кетсе, анда бул да онкологиялык оорунун белгилеринен болушу мүмкүн.

Макалада алкоголдук ичимдиктерден, тамеки чегүүдөн жана адамдын папиллома вирусун жуктуруудан улам ооздогу рактын өрчүп кетүү коркунучу көбөйөрү айтылган.

147
Белгилер:
ооз, рак, илдет, ден соолук, кооптуулук
Тема боюнча
Калиева: чылым чегүү 15-20 жылда ракты пайда кылышы мүмкүн
Бузулуп кеткен тамак-аш ракка себепчи болушу мүмкүн. Адистин эскертүүсү
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов

Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

73
(жаңыланган 21:55 02.08.2021)
Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, бүгүн Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

73
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашов, кызмат, мэрия, уул, бошотуу
Тема боюнча
Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду
Венгриялык балбан Тамаш Лёринц

Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы

638
(жаңыланган 21:20 02.08.2021)
Кыргызстандык балбандын атаандашы дүйнө чемпионатын утуп, Олимпиаданын күмүш медалын тагынган. Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапта турат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалда венгриялык Тамаш Лёринц менен кез келет.

Тамаш Лёринц 35 жашта. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун рейтингинде 77 килограмм салмак даражасында экинчи сапта турат.

Олимпиада оюндарынын байге ээси. 2012-жылы Лондондо өткөн Олимп оюндарында 66 килограмм салмакта финалга чыгып, күмүш медаль тагынган.

2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатын утуп Олимпиадага жолдомо алган. 2014, 2017 жана 2018-жылдары өткөн дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарга жетишкен. Төрт жолку Европа биринчилигинин жеңүүчүсү болуп саналат.

Лёринц жарым финалда ирандык, чейрек финалда япониялык, ал эми баштапкы этапта марокколук балбандарды уткан.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.

Акжол Олимпиада-2020 мелдешинин финалына чейин Армения, Азербайжан жана Тунис өлкөлөрүнүн балбандарын жеңген.

Балбандар грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашат. Финалдык беттеш эртең, 3-августта, болот.

638
Белгилер:
Акжол Махмудов, таржымал, Олимпиада-2020
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Атаандашын ай-буйга келтирбей жыккан Акжол. Жарым финалдагы жүрөк толкуткан видео
Былтыр 14:0 менен жеңилген. Айсулуунун алгачкы каршылашынын таржымалы