Женщина с ребенком сидит на скамейке на площади Ала-Тоо в международный день защиты детей в Бишкеке. 1 июня 2021 года

40 градуска чейин ысыйт. Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

187
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 5-июлда Кыргызстандын бир катар аймактарында күн 40 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Синоптиктер күндүз өрөөндөрдө жаан-чачын болбой турганын, ал эми бир катар аймактардагы тоонун этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөрүн айтышты.

Абанын температурасы Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында +35...+40, Таласта +32...+37, Баткен аймагында +37...+39, Ысык-Көлдө +26...+31 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болору кабарланды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарында +38...+40, ал эми Чолпон-Атада +26...+29 градуска жетет.

187
Белгилер:
июль, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Алдыдагы аптага аба ырайы
Кабинет в городской клинической больнице имени Е. О. Мухина.

Вирусолог коронавирустун "дельта" штаммынын өзгөчөлүгүн айтып берди

8
(жаңыланган 10:18 26.07.2021)
Адис белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Дельта" штаммы чакырган коронавирус эмнеси менен айырмаланып, дарылоого кандай таасир этерин Sputnik радиосуна Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча Федералдык изилдөө борборунун өтө кооптуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов айтып берди.

Алгач Индияда аныкталган коронавирустун "дельта" штаммы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Россияга тарады.

Адистин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Чепурнов белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

"Дельта" штаммын дарылоо кыйыныраак, анткени "Ухань" варианты көп изилденип, ал үчүн далай нерсе иштелип чыккан. Бул жерде гастроэнтерологиялык компонент жана оорунун өнүгүү темпи өзгөчөлөнүп жатат", — деген вирусолог.

Адис ак халатчандар азыр дарылоо протоколуна өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ПЦР-тесттер да штаммдарды көрсөтпөй турганын, бул үчүн өзүнчө изилдөө жүргүзүлүп жатканын айткан.

8
Белгилер:
ичеги, симптом, штамм, вирусолог, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды
Адам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт

КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы? Расмий түшүндүрмө

43
(жаңыланган 10:09 26.07.2021)
Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык аялды коштоп келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билдиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган.

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага карата тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

43
Белгилер:
мушташ, элчилик, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу. Архивдик сүрөт

УКМК: Бишкектин вице-мэри кафе ээсинен пара алуу иши боюнча кармалды

0
(жаңыланган 10:37 26.07.2021)
Мэрия кызматкерлери Түгөлбай-Ата (Линейный) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. УКМК кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүтүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

Билдирүүгө ылайык, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафенин ордунда калтыруу макулдашылган. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда кармалган.

"Кызматкерлер параны вице-мэр менен сүйлөшүп алып, талап кылып жатканы аныкталды. Кармалгандар бул ишке вице-мэрдин тиешеси бар экенин айтып, көрсөтмө беришти", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

24-июль күнү вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

0
Белгилер:
вице-мэр, УКМК, Бишкек мэриясы