Тейлөө борборунун кызматкери унааны текшерип жатат. Архив

Автоэксперт техникалык тейлөөдө акча үнөмдөөнүн жолдорун айтты

224
Адис автоунаанын кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин ээси расмий сервиске кайрылып, көрсөтүлгөн иштерди жасатып турушу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Автоэксперт Вячеслав Субботин автоунааны техникалык жактан текшертип, каратарда чыгым болбош үчүн эмне кылуу керектигин Sputnik радиосуна айтып берген.

Адис автоунаанын кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин ээси расмий сервиске кайрылып, көрсөтүлгөн регламенттик иштерди жасатып турушу керектигин белгилеген.

"Кепилдик мөөнөтү бүтөрүнө аз калгандагы акыркы эки тейлөөнү расмий борбордон эмес, адистештирилген станциялардан жасаткан жакшы. Себеби фирма борборунун акысы кымбат. Өзүң деле тейлеп, карасаң болот. Бирок бул ишти кепилдик мөөнөтү бүткөндөн кийин жасоо керек", — деген Субботин.

Адис автоунааны каратуу, текшертүүдөн деле акча үнөмдөсө болорун белгилеген. Себеби кээде анча маанилүү эмес пункттар кошулуп кетет. Маселен, тизмеден тормоз системасын чаңдан тазалоо сыяктуу пайдасыз кээ бир нерселерди чийип салса болот. Адистердин айтымында, чаң тормоз басуудан пайда болот.

224
Белгилер:
үнөмдөө, убакыт, эксперт, кепилдик, авто, тейлөө
Тема боюнча
Бишкек — Ош жолунда каттаган таксист Мамасадыков: негизги үч оорубуз бар
Айып кагазын кайсы учурда жокко чыгарса болот? Айдоочулар үчүн пайдалуу маек
Экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов. Архив

Чет өлкөдөн дарыланат. Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

16
(жаңыланган 18:17 27.07.2021)
Сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун чечими менен камактагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн. Анда саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу чет өлкөдөгү ооруканаларга барып дарылануу муктаждыгы бар экени көрсөтүлгөн.

"Буга байланыштуу 27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү максатында эркиндикке бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

16
Белгилер:
кылмыш, коррупция, кен, Кумтөр, Өмүрбек Бабанов
Тема:
Өмүрбек Бабановдун камалышы
Тема боюнча
Сот Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн узартты. Видео 
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото

ЖК депутаты: Садыр Жапаров бизди сый тамакка чакырды

74
(жаңыланган 17:44 27.07.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сессиялар жыйынтыкталып жатканына байланыштуу парламент депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

Анткен менен айрым парламентарийлер шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланарын айтса, башкалары эмне үчүн чакырылганын таптакыр билбей турганын билдиришти.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалганын, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун айтты.

Буга чейин аталган жолугушууга чакыруу алганын депутат Айсулуу Мамашова айтып, иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.

74
Белгилер:
тамак, депутат, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Депутаттар Садыр Жапаров менен жолугуу үчүн бүгүн да резиденцияга барышат
Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай, иткана болуп калды