Мэрия: күн ысыйт, бишкектиктер, этият болгула!

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы бала сейилдеп жүрөт. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы бала сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Мэрия шаардагы ишкана ээлерине өздөрүнүн кызматкерлери, кардарлары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берип, муздак суу, желдеткич менен камсыздоону сунуштаган.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Жакын арада борбор калаада күн дагы ысыйт, андыктан көчөгө көп чыкпай, сак болуп, ден соолукка көз салуу зарыл. Бишкек мэриясынын мындай эскертүүсүн алардын маалымат кызматы таратты.
Муниципалитет шаардагы ишкана ээлерине өздөрүнүн кызматкерлери, кардарлары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берип, муздак суу, кондиционер, желдеткич менен камсыз кылууну сунуштаган.
"Урматтуу шаардыктар, мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгы узак убакыт көчөдө, күндө жүрбөш керектигин эскертет. Жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийип, суу ичүү тартибин сактап, тамакты аз-аздан, бирок тез-тез жеп туруу кеңешин беребиз", — деп жазылат кайрылууда.
Мэриянын маалымат кызматы ордо калаада күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин фонтандар иштеп жатканын кошумчалады.
Розы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жаан жаайбы? Алдыдагы аптага аба ырайы
"Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар 21:00гө чейин иштейт. Алар эки жума сайын тазаланып турат. Филармониянын алдындагы фонтан тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу иштебейт", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия ысыкка байланыштуу бак-дарактарды сугаруу жана көчөлөрдү жууган иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0