Жылаңайлак басуунун пайдалуу жана кооптуу жактарын адис айтып берди

© AFP / FILIPPO MONTEFORTEКиши жылаңайлак бара жатат. Архив
Киши жылаңайлак бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Буттун таманында биологиялык активдүү чекиттер арбын жайгашкан. Адам жылаңайлак басканда биологиялык активдүү чекиттерге массаж болуп, ал организмге таасир этет.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дарыгер Владимир Хорошев жылаңайлак жүрүүнүн пайдасы жана ага кандай жер ыңгайлуу экенин Sputnik радиосунун обосунда айтып берди.
DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги
Хорошевдин айтымында, алгач жылаңайлак жүрүүгө ыңгайлуу жер таап алуу керек. Буга эң жакшы вариант - шагыл. Башкача айтканда, таштак жер. Чөп менен кумда да бут кийимди чечип басса болору айтылды.
"Кумда деле, чөптө деле жылаңайлак жүргөн пайдалуу. Бирок таштак жердики абдан жакшы. Мындай жерде таманга эле массаж болбостон, муун дагы машыгат",— деген дарыгер.
Медик эң жакшы шарт түзүлгөн учурда дагы жылаңайлак эки-үч сааттан ашык баспаш керектигин эскерткен. Себеби көп адамдар май тамандуулук менен жабыркайт.
Дарыгер бут кийими жок асфальтта, бетондо жылаңайлак жүрбөш керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0