Шылуундар төлөм картанын маалыматтарын кантип билип алары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБанктык карталар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Банктык карталар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Эксперт бирөөнүн ноутбугун бузуп кирүү оңой экендигин белгилейт. Ошондуктан ал ноутбуктагы камеранын объективин жаап коюуга кеңеш берет.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шылуундар (алдамчылар) ноутбуктун камерасы аркылуу банктык картадагы маалыматтарды билип алышат. Мындай пикирди "ТОК-медиа" уюмунун SMM бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Кочергин "Говорит Москва" радиосунун эфиринен айтканын РИА Новости жазды.
Эксперт бирөөнүн ноутбугун бузуп кирүү оңой экендигин белгилейт.
"Бул аябай жеңил жана жеткиликтүү. Компьютерге кирүү негизинен кыйын деле эмес. Эгер сиз троян вирусу бар флеш-дискти колдонгон болсоңуз, алар сиздин компьютериңизге кире алышат. Муну маалыматтарыңызды алып, качан гана сизди шантаж кыла баштаганда билесиз. Адамдар көп учурда компьютер алдында карта менен төлөм жүргүзүшөт, сыр сөздөрдү киргизет, картадагы маалыматтар ноутбуктун камерасы аркылуу көрүнүп калат", — деген Кочергин.
Адис өзүнүн ноутбугундагы камеранын объективин жаап коёрун кошумчалаган.
Кочергин эгерде компьютерге зыяндуу программалар кирген болсо, анда аны шылуундардын колунан келген иш деп ойлой берсе болорун айтты. Ал буюмду программисттерге бериш керек жана толугу менен сканерлетүү зарыл же системаны кайрадан орнотуу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0