Кишилер бет капчан. Архив

Жаңы штаммды силер жаратып жатасыңар! АКШлык дарыгердин кайрылуусу

206
Адистин айтымында, бул күндөрү адамдын организми коронавирустун жаңы варианттарын тараткан бирден-бир жол болуп жатат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Вакцинадан баш тарткандар өзүнүн эле ден соолугун тобокелге салып тим болбостон, "жаңы штаммдарды жараткан фабрика" катары кызмат кылууда. Мындай пикирин Вандербильт университетинин (АКШ) Медициналык борборунун профессору Уильям Шаффнер билдиргенин РИА Новости кабарлады.

Аталган медборбордун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, доктор Шаффнердин айтымында, учурда адамдын организми коронавирустун жаңы варианттарын тараткан бирден-бир жол болуп жатат.

"Вакцина албагандар канчалык көп болсо, вирустун өөрчүп, көбөйүшүнө ошончолук арбын мүмкүнчүлүктөр жаралууда . Андан ары жүрүп отуруп жаңы, коркунучтуу мутацияга өтүп кетип жатат", — деп түшүндүргөн адис.

Анын айтымында, бир катар өзгөрүүлөр вируска эч кандай таасир бербейт же такыр эле алсыратып салат. Бирок капыстан болгон мутация көп кишини ооруга чалдыктыруу жөндөмүнө ээ.

"Эгерде мутация ошончолук "ийгиликтүү" болуп кетсе, вирустун жаңы вариантын жаратат. Бирок ал үчүн "иштетип" кете турган нерсе керек, мындай учурду эмделбеген адам пайда кылып берет", — деген бүтүм чыгарган профессор.

Учурда коронавирустун улам жаңы пайда болгон штаммдары адам баласына кооптуулук жаратып, өмүрлөрдү алып кетүүдө. Окумуштуулар алардын ичинен азыр "дельтаны" өзгөчө белгилеп, көрсөтүп жатат.

206
Белгилер:
мутация, штамм, вакцина, коронавирус, АКШ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1491)
Тема боюнча
Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги
COVID-19дан вакцина алган адам менен албаган адамдагы айырма

Кудум кинодогудай! Кытайдагы шаарды кум каптаган видео

150
Асмандын дээрлик жартысын ээлегендей элес калтырган кум бороон Кытайдын Ганьсу провинциясы менен Цзюцюань шаарын бир нече мүнөттөрдө эле аралап кеткен.

Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун видеого тартып, социалдык тармакка таратып жиберген. Кадрдагы көрүнүш киши коркутпай койбойт.

Асмандын бетин бербей уюлгуган кум менен чаң шаарды тез эле басып калган. Маалыматтарда анын 10 мүнөт ичинде калаанын бир топ аймагын каптаганы айтылат.

Синьхуа агенттиги жол кыймылы буулуп, бир нече метрден кийин жол көрүнбөй калганын жазды.

Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес. Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан.

150
Белгилер:
кыймыл, кино, бороон, кум, Кытай
Тема боюнча
Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео
Шайлоо участогундагы киши. Архив

Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңиши жокко чыгарылды

207
(жаңыланган 21:56 26.07.2021)
БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталганын билдирди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

207
Белгилер:
шаардык кеңеш, жыйынтык, четтетүү, шайлоо, саясый партия
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду