Медициналык кызматкер COVID-19га текшерүү үчүн үлгүлөрдү алып жатат. Архив

176 бейтаптын абалы өтө оор. COVID-19 боюнча статистика

199
(жаңыланган 12:32 05.07.2021)
Вирус жугузгандардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Андан кийинки орундарда өлкөнүн түштүгүндөгү облустар турат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 437 кишиден коронавирус табылып, 568 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары — 924;
  • Ош шаары — 50;
  • Чүй облусу — 142;
  • Баткен облусу — 87;
  • Ош облусу — 85;
  • Жалал-Абад облусу — 78;
  • Ысык-Көл облусу — 33;
  • Талас облусу — 10;
  • Нарын облусу — 7.

Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 132 070ке жетип, анын ичинен 113 212 бейтап айыкты:

  • Бишкек шаары – 315;
  • Ош шаары – 65;
  • Чүй облусу – 54;
  • Ош облусу – 33;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 58;
  • Баткен облусу – 13.

Акыркы 24 саат ичинде, тилекке каршы, вирус тогуз кишинин өмүрүн алды. Ушуну менен көз жумгандардын саны жалпысынан 2 046га жетти.

Каза болгондор:

  • Бишкек шаары – 3;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу — 1.

Азыркы тапта 4 126 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 193 кишинин абалы оор болсо, 176 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. 

199
Белгилер:
өлүм, статитика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1706)
Тема боюнча
Жаңы штаммды силер жаратып жатасыңар! АКШлык дарыгердин кайрылуусу
Bloomberg элинин басымдуу бөлүгү вакцина алган алдыңкы 5 өлкөнү атады
ӨКМ кызматкерлери. Архив

ӨКМ: акыркы суткада үч киши сууга чөгүп кетип, экөөнүн сөөгү табылды

3
(жаңыланган 11:28 26.07.2021)
Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирөө Чоң Чүй каналына, экинчиси Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада сууга үч киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 25-июль күнү, Бишкектеги Чоң Чүй каналында (БЧК) адамдын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу маркумду суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошол эле күнү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө эркек киши түшүп кеткен. ӨКМ аны беш куткаруучу издеп жатканын, сөөк табыла электигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган үч куткаруучу саат 20:47де маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

3
Белгилер:
куткаруу, сууга чөгүү, милиция, ӨКМ

Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео

16
(жаңыланган 11:26 26.07.2021)
Индиянын Харьян штатынын тургундары суу астынан жер көтөрүлгөн кызыктуу окуяга күбө болуп, аны видеого тартып алышкан.

The Indian Express маалымат булагы жазгандай, кадрды Жагат Вани аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. 

Кадрдан көрүнүп тургандай, бет жагы жарака-жарака болгон жердин бир бөлүгү суу астынан капысынан эле көтөрүлгөн.

Мындай табигый кубулуштун эмнеден болору азырынча аныктала элек. Интернет-колдонуучулар буга карата өзүлөрүнүн түрдүү божомолдорун айтып жатышат. Айрымдары тектоникалык активдүүлүктөн улам жер көтөрүлгөнүн айтышса, кээ бирлери мунун себебин метан затынын топуракка топтолушунан келип чыккан дешет.

16
Белгилер:
суу, кубулуш, окуя, Индия
Тема боюнча
Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео