Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен ооруканада. Архив

COVID жуктургандарды жаткыруу үчүн кайсы ооруканада бош орун бар? Тизме

53
(жаңыланган 11:36 05.07.2021)
Коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 17 оорукана даярдалган. 5-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын тогузунда гана орун бар.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 218 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 17 оорукана даярдалган. 5-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын тогузунда гана орун бар. Ал эми сегизинде бош орун калбай калган.

  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 4;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 28;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 3;
  • Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10;
  • Республикалык наркология борбору — 23;
  • Улуттук госпиталдын мобилдик бөлүмү — 10;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 38;
  • Улуттук госпиталдын терапия бөлүмү — 3;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 99.

Белгилей кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда 1 437 бейтаптан коронавирус табылып, 9 бейтап каза тапты.

53
Белгилер:
Бишкек, Чүй облусу, коронавирус, оорукана, бош орундар
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2880)
Тема боюнча
COVID: кайсы учурда ПЦР-тест жаңылышы мүмкүн
Bloomberg элинин басымдуу бөлүгү вакцина алган алдыңкы 5 өлкөнү атады

Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн июлдагы баасы

5
2021-жылдын июль айында Бишкек шаарында бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандады. Бир бөлмөлүү “хрущевкалардын” орточо баасы башкаларга салыштырмалуу жогорулады.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы июль

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Мындан сырткары, ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 467 жарыяга анализ жасалды.

2021-жылдын июль айында борбор калаада батирлердин баасы бир аз төмөндөдү. Мисалы, үч бөлмөлүү “хрущевкалар” орто эсеп менен 2 000 долларга арзандады. Баарынан да бир бөлмөлүү “хрущевкалар” кымбаттады. 

Ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы сезилерлик төмөндөдү. 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ээлери болсо 2 300 долларга азыраак сурап жатышты. Ичи бүтө элек үч бөлмөлүү батирлер орто эсеп менен алганда 2000 долларга арзандады. 

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, июлда бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 30 000 доллар (24 500дөн 36 500гө чейин);
  • 105-серия — 28 800 (22 500дөн 39 500гө чейин);
  • 106-серия — 31 900 (25 000ден 38 000ге чейин);
  • "хрущевка" — 26 700 (23 700дөн 29 500гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 28 800 (15 000ден 50 000 гө чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 29 600 (18 800дөн 51 300гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 600 доллар (30 500дөн 45 000ге чейин);
  • 105-серия — 40 500 (29 900дөн 53 500гө чейин);
  • 106-серия — 44 400 (29 500дөн 58 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 32 400 (23 500дөн 47 000ге чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 38 400 (17 000ден 71 500гө чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 45 300 (20 800дөн 79 100гө чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 43 800 доллар (28 800дөн 66 500гө чейин);
  • 105-серия — 50 600 (36 800дөн 76 000ге чейин);
  • 106-серия — 54 200 (30 000ден 75 000ге чейин);
  • "хрущевкалар" — 38 300 (31 500дөн 55 000гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 54 200 (20 000ден 112 000ге чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 74 700 (36 800дөн 127 000ге чейин).
5
Белгилер:
Бишкек, батир, баа
Тема боюнча
Батир сатып алганы жатасызбы? Бишкектеги үйлөрдүн июндагы баасы

Инспекторлор маршрутка айдоочуларынан жол эрежесин сурады. Кооптондурган видео

19
(жаңыланган 17:47 05.08.2021)
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору Бишкектеги маршрутка айдоочулары канчалык деңгээлде жол эрежесин билерин текшеришти.

Башкармалыктын маалымат кызматы аталган ролик аварияларды алдын алуу иштеринин алкагында тартылганын белгиледи. Инспекторлор каттамдын аягында токтоп турган айдоочуларга барып жол белгилерин көрсөткөн. Мындай "экзаменди" таксисттерден да алышкан.

Анда айдоочулар жол эрежесин билбей турганын моюндап, кээ бири унутуп калганын айтты. Айрымдары "негизги жол" жана "жол бошотуп бер" деген белгилерди да билбей койду.

ЖКККББ бир гана 1987-жылдан бери унаа айдап жүргөн киши бардык жол белгилерин туура айтканын белгиледи. Калгандарына инспекторлор окуп-үйрөнүүгө кеңеш берген.

Ошондой эле бул ролик айдоочуларды шылдыңдоо эмес, башкалар да көрүп эрежелерди кайталап окуп алышсын деген максатты көздөй турганын билдиришти.

Ведомство жакында видеонун экинчи бөлүгүн чыгарарын убадалады.

19
Белгилер:
ролик, инспектор, жол эрежеси, айдоочу, маршрутка
Тема боюнча
Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди