Мыйзамсыз баюуга шектелген мурдагы вице-мэр казынага 30 млн. сом төктү

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев. Архив
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Буга чейин экс-вице-мэрдин кызматта турган учурда жеке курулуш компанияларга көп кабаттуу турак жай куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Мыйзамсыз баюуга шектелген Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төлөгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызмат өткөн айда анын кызмат абалынан пайдаланып, материалдык киреше алуу максатында жеке компанияларга көп кабаттуу үй куруу үчүн уруксат кагаздарын мыйзамсыз бергендигин аныктаган.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Уланбек Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Факт боюнча жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктундагы ("Билип туруп мыйзамсыз аракет жасоо") кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылды.
Уланбек Азыгалиев 2019-2020-жылдары Бишкектин шаар куруу жана архитектура департаментинин суроолору боюнча вице-мэр болуп иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0