Киши жарык өчүрүү учурунда. Архив

Бишкектин айрым аймагы жарыксыз калды. "Түндүк электрдин" жообу

53
(жаңыланган 16:51 05.07.2021)
Борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүп калганын жергиликтүү тургундар айтып чыгышты. "Түндүк электр" жагдайды түшүндүрдү.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын айрым райондору электр энергиясыз калды. Буга авариялык кырдаал себеп болгонун Sputnik Кыргызстанга "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Жарык өчкөндүгү боюнча чакыруу Чүй проспектисиндеги объектилерден, Осмонкул, Гоголь, Сүйүмбаев жана Ибраимов көчөлөрүнөн да келип түштү. Мындан сырткары, шаардыктар "Бишкек сегодня" Telegram-тобунан да айтып чыгышты.

Электрдин үзгүлтүккө учурашынын так себеби азырынча белгисиз. Ремонттоочу топ аны калыбына келирүүгө киришкени айтылды.

53
Белгилер:
электр энергиясы, өчүрүү, жарык берүү, 'Түндүк Электр' ишканасы, Бишкек, авария
Тема боюнча
Бишкекте 6 миңдей абоненттин жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Карыз 5,2 млн. сом
Саясатчы Равшан Жээнбеков. Архив

Равшан Жээнбековду үй камагынан Бишкектеги тергөө абагына киргизишти. Себеби

8
Жээнбеков былтыркы жылдын октябрь айынан бери үй камагында отурган. Ал эми буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча фигурант болгондуктан бир жылга чукул абакта калтырылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Эми ал 5-октябрга чейин аталган жайда кармалат.

"Айыптоочу тарап ал үй камагынын тартибин бузду деп кине такты. Бирок ал саат 22:00дөн кийин эшикке чыкса да тартип коргоо органдарынан жашырынбай жана сотторго басым кылган эмес. Эреже сакталган", — деди жактоочу.

Жээнбеков анын баш коргоо чарасы өзгөртүлөрүн кечээ социалдык тармактагы баракчасына жазып, абакта чач тарач жок болгондуктан, чачын тегиздетип алып барарын айткан.

Саясатчы соттун жогорудагы чечиминен кийин журналисттерге саясий куугунтуктоого кабылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Жээнбеков 2019-жылы декабрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылган. Сот иштери уланып, 2020-жылы октябрда үй камагына чыгарылган.

8
Белгилер:
Равшан Жээнбеков, тергөө абагы, сот, үй камагы
Тема боюнча
УКМК "Кыргыз көмүр" ишканасынын директорун кармады
Экс-депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Камакта калабы?
Спортчу Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт

87
(жаңыланган 18:33 05.08.2021)
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада-2020 мелдешиндеги сапары карыды. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада оюндарындагы мелдештери аягына чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деп жазган спортчу.

Кыргызстандык балбан машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Эске салсак, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова коло байге жеңген.

87
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, күрөш, балбан, олимпиада, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу күмүш алганына карабай дүйнөлүк рейтингде биринчиликтен түшкөн жок

0
Кыргызстандык спортчуну Олимпиаданын финалында жеңип алган атаандашы, япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү.

БИШКЕК, 5-август. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.

Жаңы рейтинг Токио Олимпиадасындагы мелдештер жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Мында Тыныбекова күмүш медалга ээ болгон. Бирок ага карабай 78 упай менен лидерликтен түшкөн жок.

Ал эми финалда жеңишке жеткен атаандашы япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү. Анын чогулткан упайы 68 экени көрсөтүлгөн.

Үчүнчү орунда 44 упай менен украиналык Ирина Коляденко турат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн 62 килограмм салмак категориясында 2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон кийин UWW рейтингинде биринчи сапка чыккан. Ошондон бери лидерликти бербей келе жатат.

0
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, рейтинг, дүйнө, күрөш
Тема боюнча
Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү
Оморов: Кыргызстанда аялдар күрөшүнүн өнүгүшүнө Айсулуу Тыныбекова жол ачты
Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт
Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты