Вакцина алууну каалагандар эми 118 кызматы аркылуу да каттала алышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМасочный режим в Москве
Масочный режим в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
118 кызматында иштеген операторлордун саны көбөйтүлүп, ишке үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу адистери, КММАнын ординатор жана жогорку курстагы студенттери тартылган.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина алууну каалагандар эми онлайн сервистен тышкары 118 кызматы аркылуу катталып, жазыла алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган кызматтын милдеттери кеңейтилип, 118 кызматынын операторлору эмдөө процедурасына байланыштуу суроолорго жооп бере башташат.
"Аталган кызматка чалуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу министрлик анын жумушун күчөтүү боюнча чечим кабыл алган. Операторлордун саны көбөйтүлүп, ишке үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу адистери, КММАнын ординатор жана жогорку курстагы студенттери тартылды. Алар үчүн атайын окутуулар өткөрүлүп, кайрылган калк менен туура диалог жүргүзүүнү үйрөтүштү", — деп айтылат маалыматта.
Аталган кызматтын операторлору иш графигине жараша ысык тамак-аш менен камсыз болору кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0