Көчөдө чуркап бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Отурбагыла. Дарыгер өмүрдү узартуунун жөнөкөй жолун айтты

198
Адис кайсы бир оору менен жабыркагандар да өздөрүнө туура келген көнүгүүлөрдү жасап турса ден соолугу бекемделип, көбүрөөк өмүр сүрө аларын белгилеген.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия-1" телеканалындагы эфиринде өмүрдү узартуунун эң жөнөкөй жолун айтып бергенин РИА Новости жазды. 

Адистин билдиришинче, дене тарбия көнүгүүлөр бардык курактагы адамдарга, анын ичинде дарты, жадагалса шишик оорусу барларга да жардам берет.

"Ракка кабылгандар төшөккө көп жатат эмеспи. Эгерде айрым көнүгүүлөрдү аткарып турса өмүрүн узартууга жардам берет", — деген дарыгер.

Мясников адамдын дене-бою чымыр болуусу үчүн сөзсүз эле фитнес-клубга баруунун кажети жок экенин айткан.

"Лифт бар экенин унуткула. Бир жакка жөө деле баргыла. Жок дегенде күнүнө беш чакырым жөө жүргүлө. Отурбагыла, көбүрөөк туруп жана баскыла", — деген медик.

Ал элди чуркоого, сууга сүзүүгө жана башка денени кыймылга келтире турган, ошол эле учурда спорттун өтө көп күч келтирип жибербеген түрлөрү менен машыгууга чакырган.

198
Белгилер:
спорт, көнүгүү, кыймыл, ден соолук, өмүр, дарыгер
Тема боюнча
Адис узак өмүр сүрүүнү шарттаган азыктарды атады
Окумуштуулар узак өмүр сүрүүнүн сырын ачты

Шумкар асманда учкан дронго кол салып, аны илип кетти. Видео

4
Социалдык тармактарда шумкардын квадракоптерге чабуул койгон видеосу тарады. Жырткыч куш аппаратты мыкчып алып кеткен.

Россиялык ЖМКлар жазгандай, окуя Камчатка аймагында жергиликтүү блогер табияттын кооздугун тартып жатканда болгон.

Жырткыч куш учуучу аппаратка кол салган. Кадрдан көрүнүп тургандай, шумкар дронду учуп бара жаткан жеринен илип кеткен. Аппаратты асманда бир кыйла аралыкка чейин мыкчып барып, саздак жерге таштап койгон.

Маалым болгондой, дрон GPS координаттары аркылуу табылган.

4
Белгилер:
окуя, Камчатка, Чабуул, дрон, шумкар
Тема боюнча
Аюулар дронго кол салганда... Сахалинде тартылган видео
Көзүн чокуп... Шумкар менен кескелдириктин беш сааттык кармашы. Видео
Дарыгер-косметолог Назира Элебесова

Элебесова: ысыкта курамында ретинол бар каражаттарды колдонбогула

40
(жаңыланган 15:32 27.07.2021)
Дарыгер-косметолог Назира Элебесова ысыкта териге кам көрүү жана күнгө туура кактануу тууралуу айтып берди.

Тоолуу аймакта жашагандыктан кыргызстандыктар spf 50 жогорку деңгээлде коргоочу бет май колдонушу керек. Ал эми пляжга баргандар күндөн коргонуучу кремди 15-20 мүнөт сайын жаңылап сүйкөө зарыл. Бул тууралуу Назира Элебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Элебесова: ысыкта курамында ретинол бар каражаттарды колдонбогула

Анын айтымында, териге кам көрүүдө туура тамактанып, жетиштүү деңгээлде суу ичүү керек.

"Жайында терини коргоочу каражаттарды колдонуу сунушталат. Ар бир адам өз терисинин өзгөчөлүгүнө жараша косметика тандоо абдан маанилүү. Ысыкта курамында ретинол бар, терини агартуучу каражаттарды колдонбош керек. Мында сепкил түшүп же пигменттик тактар карарып кетиши мүмкүн. Негизи беттин териси 70 пайыз косметологдон, калганы үйдөн кам көргөнгө жараша болот. Учурда бетти нымдаштыруучу процедуралар актуалдуу болуп жатат. Бул ийне аркылуу гиалурон гелин куюу, RF лифтинг аркылуу терини жашартуу ыкмалары. Азыр саат 12ден 15:00гө чейин күн ачуу тиет. Андыктан бул убакытта сыртка чыкпай, эртең менен же кечирээк күнгө күйүү сунушталат", — деди Элебесова.

Косметолог күнгө өтө күйүп калганда температура көтөрүлөрүн, бул учурда күнгө чыкпай, көбүрөөк суюктук ичиш керектигин айтты. Андан сырткары, дарыгерге кайрылып, ал сунуштаган майды сүйкөө керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

40
Белгилер:
Назира Элебесова, кам көрүү, тери, косметолог
Тема боюнча
Кандай адамдар пляжда күнгө көп күйбөшү керек. Адистин пикири